super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков Казакстан Парламент Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту

 

Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы 9-июнда  4-пленардык жыйынынын ишине катышуу үчүн Анкара шаарына барды. Иш сапардын алкагында Жээнбеков Казакстан Парламент Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык эки тараптуу форматта да, эл аралык уюмдардын алкагында да жогорку деңгээлде уланып жаткандыгын баса белгилешти.

 

Спикерлер Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын ишин өркүндөтүү, анын катышуучу өлкөлөрүнүн маданий, гуманитардык жактан жакындаштыруу жаатында пикир алышты. Асылбек Жээнбеков кыргыз тарап  Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына төрагалык кылган мезгилдеги иш жыйынтыгы тууралуу айтып берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: