О! Мобилдик оператору Түркияга роумингдин баасынын төмөндөгөндүгү тууралуу жарыялады
О! Мобилдик операторунун абоненттери үчүн 1-февралдан баштап Түркиянын Turkcell түйүнүндөгү роумингдеги байланыш кызматынын баасы чыгыш чакыруусу үчүн 40 сомго жана бир SMS үчүн 10,99 сомго чейин төмөндөдү. Интернетке туташуунун баасы мурункудай эле 1 мегабайт үчүн 1 сом.

"Өнөктөш-оператор менен роумингдик бааларды азайтуу боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түркиядагы бааны төмөндөтүү мүмкүн болду. Биздин кардарлар Түркияга иш, окуу боюнча же жөн эле эс алуу үчүн тез-тез барып турушат. Ар дайым байланышта болуу абдан маанилүү экендигин биз түшүнөбүз, ошондуктан пайдалуу тарифтерди иштеп чыгуунун үстүндө дайыма иш жүргүзүп келебиз", - деп белгиледи О! Мобилдик операторунун роуминг жана интерконнект кызматынын башчысы.
Түркияда жүргөн учурда роумингдеги интернеттен да үнөмдөсө болот. Болгону чет мамлекетке чыгарда мегабайттардын керектүү өлчөмүн кошуп алышыңыз гана керек:
- "50МБ Интернет-роуминги". Кошулуу буйрутмасы: *997*50# (45 сом.)
- "100МБ Интернет-роуминги". Кошулуу буйрутмасы: *997*100# (90 сом.)
- "250МБ Интернет-роуминги". Кошулуу буйрутмасы: *997*250# (225 сом.)
Топтомдор кошулган күндөн баштап 30 күндүн ичинде жеткиликтүү жана Түркиянын Turkcell түйүнүндө жарактуу.
Эске салсак, ушуга окшош пайдалуу топтомдор, ошондой эле роумингдеги 1 мегабайт үчүн– Орусиянын Tele2, Мегафон түйүндөрүндө жана Казакстандын Tele2 түйүнүндө төмөнкү баада 1 сомго жеткиликтүү. Интернет-топтомдор сиз тараптан сарпталган учурда, сиз SMS-билдирүү аласыз жана кааласаңыз дагы бир топтомду сатып аласыз же макулдугуңуз менен стандарттык тарифтештирүүгө өтүп кетсеңиз болот. Төмөнкү тариф менен интернет-роумингди кошуу үчүн биздин өлкөнүн чегинен чыгарда *997# терсеңиз жетиштүү. Добуштук роумингди кошуу үчүн *996# терүү керек. o.kg сайтынын Роуминг бөлүмүнөн кененирээк маалымат ала аласыз.
О! Мобилдик операторунун роумингинен өз чыгымдарыңызды толук көзөмөлдөй аласыз!
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео


















Саламатсызбы!
Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.
Жакында 3G байланышын кучотуу боюнча иштерди жасадык. Кенениреек бул жерден окуй аласыз: https://o.kg/kg/o-kompanii/razvitie