Nokia рактын пайда болушун аныктай ала турган билерик чыгарганы жатат
Nokia компаниясы рак илдетинин пайда болушун аныктай ала турган билерик чыгарганы жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Nokia корпорациясынын башчысы Ражив Сури фирма инновациялык технологияларды иштеп чыгарын билдирди. Келечекте жарык көрчү технология рак оорусу менен каршы күрөшүүгө жардам берет. Ал илдеттин пайда болуусун баштапкы стадияларында эле аныктап бере алат.
Белгилүү болгондой, бул технология кичинекей билерик түрүндө болот, ал биобелгилөө принциби менен иштейт. Ал адамдын организминде рак клеткалары өөрчүй баштаган мезгилде атайын белги бере баштайт. Мындан улам ооруну эрте аныктап, аны айыктырууга алда канча жеңил болот.
"Жакынкы арада интернет ушундай деңгээлде өнүгөт дейсиңер, оор операцияларды аралыкта туруп эле жасаганга мүмкүн болуп калат. Анда дарыгер өзү Америкада иш ордунда отуруп алып Япониядагы операция жасоочу аппаратты башкара алат. Бирок, албетте, аппараттар алыс аралыкта тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштеп калган мезгилинде", - дейт Сури.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:16
2025-06-25

Рейтинг:
1

Бул нерсени бир Кудай билет
Балким кийин айтарсын