super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 5-ФЕВРАЛЬ: 19 жашында ата болгон бразилиялык белгилүү футболчу Неймар 26 жашка толду

 

Футбол боюнча Бразилия курама командасынын жана франциялык "ПСЖнын" чабуулчусу Неймар да Силва Сантос Бразилиянын Сан-Паулу штатында 1992-жылы 5-февралда туулган.

2015-жылы Неймар “Барселонанын” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын, Испания чемпиондугун, Испания кубогун, УЕФАнын Суперкубогун жана клубдар аралык Дүйнө чемпиондугун уткан. Ал бул мелдештердин баарында чечүүчү ролду ойногон. УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 10 гол киргизип, Криштиану Роналду жана Лионель Месси менен биргеликте аталган мелдештин башкы бомбардири аталган.
Жылдын соңунда эл аралык Футбол федерациясынын версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусуна ыйгарылуучу “Алтын топ” сыйлыгына талапкер болуп, добуш берүүнүн жыйынтыгында ал сыйлыкка негизги талапкер 3 футболчунун катарына кирген.
2017-жылдын жай айында футболчу 222 миллион еврого франциялык "ПСЖ" футболдук клубуна өткөн. Көп убакыт өтпөй Неймар мурунку клубу "Барселонаны" Чемпиондор Лигасынан четтетүүнү УЕФАдан суранган. Буга аталган клуб Неймардын атасына бериши керек болгон бонустарды төлөбөгөнү себеп болгон. Ал эми 2018-жылдын февраль айында бразилиялык футболчу испаниялык клуб менен 2016-жылы түзгөн келишим боюнча убадаланган бонус каражатынын жарымы эсебине которулбагандыктан "Барселона" клубун сотко берген.
Неймар тууралуу кызыктуу фактылар:
  • 4 айлык кезинде ата-энеси менен бирге жол кырсыгына кабылып, бактыга жараша, аман калган.
  • Футболчу музыкага өтө жакын, ырчылар менен биргеликте ырдап, көптөгөн клиптерге тартылган.

  • Неймардын денесиде көптөгөн татуировкалар түшүрүлгөн. Андан бакыт жана эр жүрөк деген жазууларды байкоого болот.

  • Чабуулчу 19 жашында ата болгон.

  • Ал бир нече жолу жарнамалык бизнесте "Эң мыкты спортчу" аталган.

5-февралдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
05.02.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менинда туулган кунум)))дээээвеле
rejepova түзөттү 2018-02-05 20:12:43
05.02.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул футболчуну аябай жаман коруп калдым. Барсада ойноп жургондо контракт бутпой эле ПСЖга отуп кетти. Эрте ПСЖнын да ушинтип таштап кетет. Неймар Барсага трансфер болгондо да Сантос клубу менен контракттык келишимди бутпой эле Барсага отуп алган экен. Кыскасы бул футболчу акчаны кайсы клуб кобуроок предлагать кылса ошого отот экен.
05.02.2018. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун Москва иштеген Досум Дастан бекеновтунда туулган кунун 23 чыкты
05.02.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Талантуу чыныгы футболист!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: