super.kg logo

Өкмөт башчы жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пулду берүүнүн жолдорун жеңилдетти

 

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пулду берүү жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Ага ылайык, сүйүнчү алуу үчүн ата-эне каттоо кызматынан баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүккө арыз берип жатканда эле сүйүнчү пул алууга да арыз берип коё алат. Андан сырткары, жарандын абалдык актыларын каттоо (ЗАГС) жана калкты тейлөө борборлоруна да арыз беришсе болот. Аталган борборлор арызды Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине электрондук форматта өткөрүп беришет.

"Аны менен катар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө долбоордун жыйынтыктарын жалпылап, пилоттук долбоор оң жыйынтык берген учурда өкмөткө сүйүнчү пулду туруктуу негизде чектөө жөнүндө маселелерди жөнгө салууга багытталган сунуштарды киргизип туруусу зарыл", - дешти өкмөттүк аппараттан.

Пилоттук долбоор 2018-жылдын 5-февралынан 30-апрелине чейин ишке ашырылат. Ошол эле учурда сүйүнчү пул алуу боюнча арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында гана ишке ашат жана өлкө аймагында туруктуу жашаган жарандар гана алууга укуктуу.

Жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүү боюнча мыйзам 1-январда күчүнө киргени менен, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бир жума мурунку маалыматы боюнча, азырынча эч ким сүйүнчү пул ала элек.

Өкмөттүн 370-токтомуна ылайык, баланын жашаган жерине жараша 4 миң сомго коэффициенттер кошулмакчы. Мисалы, Кара-Кулжа районунун алыскы айылдарына 1,2 коэффициент кошулуп, берилчү акчанын суммасы 4 миң 800 сом болот. Ал эми Ат-Башы районунун эң алыскы айылдарына 1,8 коэффициент аныкталса, жалпы сумма 7200 сом болот.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында 2018-жылы болжолдуу түрдө 159 миң ымыркай төрөлүшү мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.02.2018. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул буйрук декретте отурган,2017 жылы коз жарып,бирок суйунчу пул да,жолок пул да алалбай отурган мугалимдерге да тиешеси барбы же...Иштейт экенсин деп эч бир документимди кабыл албай жатышат,ушуга жооп таппай койдум 1,5 айдан бери...(
nazira1989 түзөттү 2018-02-06 08:50:26
06.02.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira1989, 2018-жыл 1-январда торолгон балдарга бертлет экен
06.02.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolunbo.kyrgyz,ооба.Бирок мурун торолгон ымыркайларга 1000 сомдун тегерегинде суйунчу берилчу го,ошону да алалбай жатпайбызбы иштеп журуп декретте экенсин деп.Эми канткенде,кандай жол мн аласак экен же такыр албайбызбы деп отурабыз.
06.02.2018. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2018-жылдан баштап... Быйыл көз жарсаңыз аласыз сүйүнчү пул)
06.02.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бөбөктөрдүн долясын бергиле, убара кылбай аларды да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: