super.kg logo
  Саясат  

Судьялар кеңеши А.Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу чечимин чыгарган Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматовдун жоопкерчилигин кароодо

 

"Судьялар кеңеши “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотуу чечимин чыгарган Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматовдун жоопкерчилигин кароодо". Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева билдирди. Айтымында, аталган окуяга байланыштуу 2 токтомдун болушун Эрматов токтомдун көчүрмөсүн тамгаларды кичирейтип чыгарылгандыгы менен түшүндүргөн. “Көчүрүү убагында акыркы абзац түшүп калган. Бирок Эрматов билдиргендей, андан токтомдун мааниси өзгөргөн эмес. Биз бардык материалдарды чогултуп, судьялар кеңешине жөнөттүк. Тиешелүү чаралар сөзсүз түрдө көрүлөт”,- деди Жамашева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: