super.kg logo

Ошто депкир менен энеси тарабынан эсинен тангыча сабалган наристенин абалы дале оор

 

Ошто энеси депкир менен эсинен тангыча сабаган 2 жаш 8 айлык баланын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, балага тиешелүү медициналык экспертизалар жүргүзүлгөн.

"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы 5-6 күндөн кийин чыгат. Буга чейин баланын энесине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Эгер баласы анын токмогунан ушундай абалга түшкөнү аныкталса ага карата оор беренелер менен иш козголот", - деди маалымат катчы.

Ошондой эле келин өзүн А.Д. деп тааныштырып жатканын, бирок анын аты-жөнүн тактаган документтерин эч ким алып келип бербегендигин кошумчалады.

"Буга чейин ал аялдын сойкулук менен алектенгендиги айтылган. Ал эми келин өзү бул маалыматты четке кагууда. Бирок эч жерде иштебей турганын айтып жатат. Айрым ыкчам маалыматтар боюнча, ал сойкулук менен алектениши мүмкүн. Бирок так айтууга азырынча далилдер жетишсиз", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кара-Кулжа районунун 23 жаштагы тургуну Ошко эжесинин үйүнө келип, өзүнүн 2 жаш 8 айлык баласын депкир менен эсинен тангыча сабагандыгы маалымдалган. Кийинчерээк өздүк булактар анын сойкулук менен алектениши мүмкүн экендигин билдиришкен. Ал эми дарыгерлер эсин жоготуп ооруканага түшкөн наристенин абалы оор экенин, анын денесинде ур-токмоктон калган эски тактар да бар болгонун айтышкан. Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө аял баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.02.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой кокууй! Кандай колу барды экен мындайга.
06.02.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХ эшекчелик жоксунбу эшек мн ит дагы балдарын каппайт теппейт.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-06 11:40:45
06.02.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ар нерсени туура тушунойлу туугандар бул кызда жанылыптыр бир нерсеге окунуп же кандайдыр озун жаман сезип жатып баласын да урганын билбей калгандыр.. жалгыз аллах билет жазаны да аллах берет
06.02.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирөөгө кор, бирөөгө зар деген ошол да, биз жүрөбүз балдарыбыздын жанына жете албай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: