super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-ФЕВРАЛЬ: Тең укуктуулукту даңазалаган ырлары менен белгилүү болгон Боб Марли көзү тирүү болгондо 73 жашка чыкмак

 

Ямайкалык белгилүү музыкант, композитор жана ырчы Боб Марли 1945-жылы 6-февралда Найн-Майлс кыштагында жарык дүйнөгө келген.

Бала чагынан музыкага кызыгып, биринчи пластинкасын "Catch a fire" деп атаган. Анын эмгектери поп-музыкадагы жаңы стандарттарды, эч кимдикине окшошпогон стилди, жаңы ритмди жараткандыгын бир топ гезиттер жазып чыгышкан.

Аз убакыттын ичинде Марли чыныгы жылдызга айланып, анын ырлары тең укуктуулук үчүн күрөшкөндөрдүн гимнине айланган.

1980-жылы анын белгилүү "Could You Be Loved" ыры камтылган "Uprising" деген акыркы жыйнагы чыккан. Анын "One Love" деген ыры ВВС'нин версиясы боюнча "Кылымдын ыры" аталган. Боб Марли жана жубайы Рита Марлинин ортосунда 4 баласы болгон.

Марли 1981-жылы 11-майда 36 жашында рак илдетинен улам көз жумган. Жыл сайын 6-февралда Ямайкада Боб Марлинин күнү белгиленет. 2001-жылы ал "Грэмми" сыйлыгына татыктуу болуп, Голливуддагы Даңк аллеясында анын жылдызы пайда болгон.

Боб Марлинин өлүм алдында жатып, баласына айткан акыркы сөздөрү: "Жашоону акчага сатып ала албайсың".

Ырчынын артында көптөгөн күйөрмандары жана элге кеңири жайылган учкул сөздөрү калган:

  • "Баары жакшы болот, кечээ кетирген каталарыбыздын жардамы эртеңки күнү тиет";
  • "Идеалдуу адам жок, бирок ар бир адамдын өзүнүн идеалдуусу бар";
  • "Ар бир адамдын жүрөгүндө өзүнүн Кудайы бар, ошол себептен биз жалгыз эмеспиз";
  • "Айрым адамдар жамгырды сезе билсе, экинчиси жөн гана суу болот";
  • "Эгерде бир адам өзүнө жашоонун бардык маанисин камтып алса, демек, бул сүйүү";
  • "Жоготуп албаш үчүн жөн гана убагында баалоо керек".

6-февралдын жылнаамасы.






Боб Марли - JAMMING (Live)

Боб Марли "One love"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.02.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозбек досумдун кумири да бул)
08.02.2018. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No woman No cry чыныгы легенда, дуйнону багындарган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: