super.kg logo

Швейцариялык компания "Мегакомду" сатып алганы жатат

 

"Мегакомду" сатып алуу боюнча швейцариялык "ALF Consulting SA" компаниясынан сунуш түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 6-февралда аталган чет өлкөлүк компаниянын каржы директору Мария Гамерданжеден кат келди. Анда компания "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын сатып алууга кызыкдар экенин билдирет. Учурда Маммүлктү башкаруу фонду "ALF Consulting SA" боюнча маалымат топтоп жатканын маалымдады.

Ачык булактарга таянсак, "ALF Consulting SA" компаниясы 2004-жылы түзүлгөн, кеңсеси Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан. Анда 5 штаттык кызматкер иштеп, чакан уюм деп саналат. Компания менеджмент тармагында кеңеш берүү боюнча кызматтарды көрсөтөт. Жылдык кирешеси болжол менен 1 миллион долларды түзөт.

Буга чейин 19-январда "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын сатып алууга кызыкдарлыгын "Ака минералз энд майнинг" компаниясы билдирген. Бул компания "Акылдуу шаар" долбоорун "Huawei" менен биргеликте ишке ашырмакчы.

Айта кетсек, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Андан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.

Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду "Мегаком” компаниясын сатып алам деген орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, тараптар эки жакты тең канааттандырган шарттарга жете алышкан жок.

2017-жылы 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев "Мегаком" компаниясынын баасын дагы түшүрүш керек" деген пикирин айткан. Анын ою боюнча "Мегакомдун" баасын дагы 20-30 пайызга түшүрүүгө болот. "Ким көп берсе, ошого сатыш керек. Акчаны "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга жумшаш керек" деген Атамбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
06.02.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сат Сат Сат саааааат сатып акчасыны 120нар болуп алгыла урушбай талаш байы! !!
06.02.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тушунбойм, чиновниктерди. Мегаком кыргыздарга кызмат кылып турса болбойбу, созсуз сатыш керекпи? Сатат экен деген созду уксам нервим кашая турган болду го
06.02.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сааааааат барын ак уйду кошо саткыла 120депутатты кошо сатып ийгилечи тойбостор
06.02.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошону мамлекет озу иштетсе эмне болот? Эч нерсе калбадыго сатылбаган.
06.02.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыздар даяр компания турса колдоно албайбыз анан онугуп Швейцарияга тен келет экенбиз
06.02.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
макул,саттынарам дейли анан не болот?
жакшы О! менен Билайн сатылбайт экен
06.02.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bektur.osh,О ! казактардыкы билайн орустардыкы да
06.02.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХХ! бут баарын сатып бутмой болдунар го, тойбостор даяр турган компанияны иштете албай жатасынар, казынасына кол салбай иштей турган адамды койсонор сонун эле иштемек, саткан мн ал каражат баарибир казынага тушпойт,андан коро мамлекеттин балансына коюп койгула, иштебеседа тура берсин мулк болуп,жаман кыжырга тийип атасынар! алып чыгып баарыды бирден ХХХХ жегичтер! жалпы коомчулук ушундай нерселерди чонталкуу кылып мамлекеттин мулкторун саттырбаганга аракет кылбайлыбы
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-07 09:32:14
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: