super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров: "Парламенттеги оппозиция "оппозициябыз" деп өзүн эле алдабаса, башканы алдай албайт"

 

"Парламенттеги оппозиция өздөрүн "оппозициябыз" деп алдабаса, башканы алдай албайт", - деп бүгүн, 6-февралдагы маалымат жыйында саясатчы Адахан Мадумаров билдирди.

Ал оппозиция бар дегенден алыс экенин айтты. "Оппозиция болуп төрөлүшү керек. Кызматтан кеткендер кыйкырып оппозиция болуп чыга келишет. Алар кызматтын кулу. Биз саясий партия дегенге даяр эмеспиз. Атасы, апасы, баласы ар башка партияга иштейт. Алар бири-бирине "кайсы партия өтсө ошого тартасың" дешет", - деди ал.

Мындан тышкары Адахан Мадумаров Орусия жана Казакстан менен Кыргыз мамлекетинин жаштарынын билимин салыштырганга болбой турганын айтты. "Ал жакта окуп жатышат, биздин мамлекетте диплом алып жатышат. Адам канчалык сабатсыз болсо, ошончолук таарынчаак болот", - дейт саясатчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: