super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров депутаттар эмнеден уялышы керектигин айтты

 

"Баш кийимине батпай уялган депутаттарды эл багып жатат", - деп бүгүн, 6-февралда маалымат жыйында саясатчы Адахан Мадумаров билдирди.

Мадумаров өзү троллейбус менен жүрө турганын белгиледи. "Маршруттук таксилерге мал жүктөп бараткан жок да. Ошол баш кийимине батпаган депутат коомдук транспорттордо жүргөндөн эмес, башка нерселерден уялышы керек. ЖЭБ жарылып кетип эл тоңуп жаткандан, 386 миллион долларга 4 от казанын алмаштыргандан уял. Каракчыны кызыл килемге салып, самолёт менен узаткандан, мөңгүлөрдү жардыргандан уялыш керек. Бүгүн Кыргыз мамлекети ушундай абалга кептелип калганда 800 миллион доллар сарптаган парламент үчүн, элдин Кыргыз жеринен нан таппай, чет мамлекетти кыдырып кеткенинен уял", - деди Мадумаров.

Эске салсак, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев жөө, коомдук унаа менен жүргөн кесиптештери үчүн уялып, баш кийимин ылдый басып унаа менен Ак Үйгө кирип жатканын айткан. Мындан улам эл өкүлү журналисттерди залдан чыгарып, кызматтык унаа, жардамчы боюнча маселени кайрадан карап чыгууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кайсы депутаттар коомдук транспорт менен жүрө турганын жарыялаган. Алар: Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева жана Альфия Самигулина.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 26 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: