super.kg logo

Салянованын соту иш убактысы бүткөнүнө карабай уланууда

 

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык сотунда иш убактысы бүткөнүнө карабай "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши боюнча сот уланып, анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованын жарыш сөзү жүрүүдө.

Коомдук жактоочу буга чейин 12 томдон турган иш материалдардын 11 тому боюнча сүйлөп бүтүп, учурда акыркы томдогу тиркелген материалдарга токтолууда. Бирок Сыдыкова акыркы 5 томдогу материалдар менен таанышып чыккан эмес. Себеби түшкү тыныгууга чейин Сыдыкова таанышып чыгуу үчүн соттон убакыт берүү өтүнүчүн келтирген. Бирок соттук жамааттын төрайымы Ирина Воронцова өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырган.

Кечээ, 5-февралдагы отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар райондук соттун чечимин жокко чыгарып, депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.02.2018. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат Отунбаевага козунорго сайып айтып коюптурго Салянованын куноосу жок деп дагы эмне керек? Аллах жардам берсе экен. Адамдын жашоосу эле эмне оюнчукбу силерге?
07.02.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчанын кучу э адашпасам бир жылдан бери чозушабы акчасы жок Адам болгондо 2саатта кууносу жок болсода куноону мойнуга илип отургузуп койот эле тообаа сотторго инсап ыйман берсинда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: