super.kg logo

Бишкекте жашап кеткен кореялык этнограф Кыргыздын Кореядагы элчилигине Кыргыз жумушчулары үчүн жазылган китептин 100 даанасын белек кылды

 

Кореялык этнограф Чё Мён Хён Кыргыз мамлекетинин Кореядагы элчилигине "Кыргыз жумушчулары үчүн Кореядагы биринчи кадам" аттуу китебинин 100 даанасын белек кылды. Бул тууралуу аталган элчиликтен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, этнограф менен Кыргыздын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кылычбек Султан элчиликте кечээ, 6-февралда жолугушкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө этнограф Чё Мён Хён Бишкекте 4 жыл жашагандыгы жана бул убакыт аралыгында кыргыз тилин үйрөнгөндүгү тууралуу айтып берген. Алар кыргыз тилинде маектешип, андан соң Чён Мён Хён мырза Кыргыз Республикасынан Кореяга иштегени, окуганы жана башка максаттар менен барган жарандары үчүн жазылган китебинин 100 даанасын элчиликке тапшырган. Элчи берилген белек үчүн этнографка ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
07.02.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштегени баргым келди дейли.ошондо кимге кайрылып маалымат алса болот.
08.02.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул китептер сатылабы админ сурап билестерби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: