super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 7-ФЕВРАЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев 43 жашка толду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев 1975-жылы 7-февралда Чүй районуна караштуу Кошой айылында туулган. Ал 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсеп-коммерция факультетин бүтүргөн.

- 1997-2000-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери;

- 2001-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук Мамлекеттик салык кызматынын тышкы көзөмөл боюнча бөлүмүнүн башчысы;

- 2002-2005-жылдары "Тынай-Ата" биргелешкен дыйкан чарбасынын жетекчиси;

- 2005-жылы Каржы министрлигинин кирешелер боюнча департаментинде фискалдык саясат башкармалыгынын жергиликтүү салыктардын бажы саясаты боюнча бөлүмүндө башкы адис;

- 2006-2008-жылдары "Кыргызгаз" акционердик коомунун Чүй башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

- 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри;

- 2010-жылы "Республика" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;

- 2013-2015-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

- 2015-жылы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Эске салсак, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 4-январында Канат Исаевди 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп 12 жылга эркинен ажыраткан. Анын жактоочулары райондук соттун өкүмүнө нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

7-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: