Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташыган унаа оодарылып кетти. Ичинде 37 тонна күйүүчү май болгон
Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташыган унаа оодарылып кетти. Кырсык 6-февраль күнү саат 14:45те унаа жолдун Көк-Бел ашуусунда болгон. ӨКМнын маалыматына таянсак, Хово үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып кетип, капталынан кулап калган. Унаада 37 тонна бензин болгон.
Жерине ӨКМнын Кара-Көл шаардык №94-өрт-куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар жана 1 жүктөгүч тартылып, күйүүчү майды башка унаага сордургуч аркылуу куюшуп, 7-февралга караган түнү саат 02:40та унааны жолго сүйрөп чыгарышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Кечээ эле айтып атты беле туштуко темир жол аркылуу куйуучу майлар жеткирип атат деп.