super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Облуста жүрөк кан тамыр оорулары менен жабыркаган жаштар көбөйгөнүн адистер айтышууда

 

Бүгүн, 10-июнда Нарын шаарында ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүп жатат. Депутаттарга жергиликтүү мамлекеттик кызматкерлер тарабынан бир нече суроолор берилип, "Кумтөр" ишканасынын облуска тийгизип жаткан таасири ортого салынды. Нарын облусуна илимий лаборатория мекемесин куруп берүүнү сунуштаган химия илимдеринин кандидаты, Нарын мамлекеттик университетинин окутуучусу Ийманжапар Турдалиев буларды маалымдады: “Биздин кафедранын алкагында ар тармактагы адистер эмгектенишет, арасында кардиолог-терапевттер да бар. Алардын айтымында, акыркы жылдары Нарында рак жана башка жүрөк, кан тамыр ооруларынан жабыркаган жаш эле тургундар көбөйдү. Биз 2 жолу Нарын дарыясынан суунун бөлүгүн алып лабораториялык текшерүүдөн өткөрдүк. Анда суунун курамында цианиддин көрсөткүчү жогору болуп чыкты. Бул сууну дыйканчылык иштерге жана ичүүгө мүмкүн эмес”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: