super.kg logo

Жалал-Абадда 3 жаш 7 айлык кызга кайнак суу төгүлүп кетип, денесинин 60 пайызы күйүп калды (абайлаңыз, сүрөт)

 

3 жаш 7 айлык Арууке денесинин 60 пайызынан күйүк алып, дарыланып жаткан учуру. Ага кайнак суу төгүлүп кеткендиги тууралуу бүгүн, 7-февралда эжеси Гүлбарчын Карабаева SUPER.KG'ге билдирди.

Анын айтымында, Аруукенин ата-энеси анын 6 бир тууганы менен Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Ленин айылында жашашкан. Аруукеге кайнак суу төгүлүп кеткенде дароо райондук ооруканага жеткиришкен.

"Капыстык болгондо ата-энеси чурулдап, суу куюшуп, алдастап калышыптыр. Ооруканага алып келгенде дароо биринчи жардам көрсөтүлгөн. 2 күн ал жерде жаткандан кийин 1 медайымдын коштоосунда Бишкекке келишти. Бишкек шаардык №4-оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылган. Ата-энеси өздөрү менен кошо 30-40 миң сом алып келген экен, дары каражаттарына күнүнө 3 миңден 5 миң сомго чейин акча кетип жатты", - дейт Карабаева.

Каражат жетишсиз болуп жатканда алар саламаттыкты сактоо министрине кайрылып жардам сурашкан.

"Министр күйүктүн дарылары кымбат экенин айтып, өзүңөр сатып аласыңар деп жооп берди. Бирок дарыгерлерге табыштап, жакшы көңүл буруп карашты. Анткени менен туугандар, баарыбыз колдоп жардам берсек да дарылатууга чамабыз жетпей, үйгө алып чыгып кеттик. Дарыгерлер наристеге операция жасаш керек экенин айтышты. Ага атасынын же апасынын териси алынарын билдиришкен эле. Экөө тең анализ тапшырып, алардан тери алууга болбой турган болуп калды. Эми дарылоо жолу менен айыктыруунун аракеттерин көрүп жатабыз. Бирок каражатыбыз тартыш. Күйүк баарыбызга белгилүү болгондой сыздаткан оору менен коштолот. Кайрымдуу адамдардан жардам күтөбүз", - деди ал.

Аруукенин дарылануусуна жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн эжеси Гүлбарчын Карабаеванын байланыш номери 0705 503043. Атасы Уланбек Карабаевдин байланыш номери 0706668643.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(31)
07.02.2018. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Жаман болуптур!
Сакайып кет
07.02.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Ай Кудайым ай ,журогум эзилип кеттиго,айыгып кетсен экен,элестетип жатам жан чыдаткыс оорусун.Аллахым ата-энесине куч кубат,ширинтай кызга озун шыпаасын бере кор.
07.02.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллах шыпасын берип тезирек айыгып кетсе экен.куйук жаман баштан откон.
07.02.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Абайлагылачы айланайындар жаш балдарды. Жүрөгүң ооруйт көрүп туруп. Кызыңыз сакайып кетишин Аллахтан тилейбиз! Элсом ачып койсоңуздар жакшы болмок. Себеби акча бергиси келип бирок көп акча бергенге чамасы жокторго ыңгайлуу болмок. Б.а. атайын байланышып 100-200 сом берип коюу да ыңгайсыз. Көп түкүрсө көл болот аздан болсо да бат чогулмак. Кыргызда жардамга муктаж адамга кол сунуучулар көп
07.02.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
сакайып кетсин оомийн!
07.02.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ии байкушум ай
07.02.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эртерээк айыгып кетсин оомийн
07.02.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жараткан Алла шыпасын берсин
07.02.2018. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым оз мээримине алсын!Банк карта номери болсо жазып коюшсун жардамыбызды аябайбыз.
07.02.2018. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шыпаасын берсин. Кудай өзү жардам берсин.
08.02.2018. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ии кучугум жаратканым жар болсун сизге сакайып аягып кетиниз оомин
08.02.2018. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элсом ачкыла.Бардыгына ыңгайлуу болмок
08.02.2018. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо кудайым ай өтө жаман болуптур батырак сакайып кетишин каалайм!
08.02.2018. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жараткан озу шыпасыны берсин
08.02.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
шыпаасын берсин байкуш кантип чыдап жататкен
08.02.2018. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айланайын апалар,энелер силерден суранаарым,балдарынарды жакшы карагылачы.Аллахтан берилген аманатго.
Кокустук болгондур.бирок коруп журогум чыдабай жатат.
Аллахым дуйнодо бир да наристе азап тартпаса экен.
Ылайым сакайып кетсин бобоктай.Телефондун азгырыгына азыраак берилгилечи.
08.02.2018. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнеге үйгө алып чыгып кеттиңер ?
60% күйүк менен үйдө кандай карашат ? Куюлуучу дары алып келе албасаңар, ооруканада жараат таңууга, ириңдеп кетүүгө жол берилбеген дарылар бар да. Үйдө ачык жараатты ириңдетип аласыңар. Таптаза деген комната да таза эмес ачык жараат болсо.
08.02.2018. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах шыпаасын берсин
08.02.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
наристелер эмне эле болуп жатышат,кудай сактасын наристелерибизди
08.02.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алла шыпаа берсин куноосу жок периштеге
08.02.2018. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Козуу эртереек сакайып кет.Алла шыпасын берсин.айнанайын Кудай жаман коздон жаман создон боодо кырсыктан сакта ээ Аллахым.оомийн.
08.02.2018. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ииий кыз бала экен эми ииий.азыр билбейтдааа
08.02.2018. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 2жаш 2 айлык кезимде 10 литр кайнак сууга куйгом.Суу устумо куюлган сюжет дагы да коз алдымда.2жаш болсомда ошол коркунуч эсимде калган.Баары тан кала беришет »кантип эсинде»деп.Канча пайыз денем куйгон билбейм.Моюнумдан ылдый баары куйгон.Апам ошол учурда операция болуп больницада болуп мага каражат жок уйдон дарылашкан экен.Кудайга шугур денемде тырык же так жок.Тери менен кошо чоюлуп жок болуп кеткен окшойт.Билинер билинбес эле кара тактар санымда,ичим,моюнумда бар.Кунго куйгондо билине
08.02.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baian,сиз сурап беринизда эмне койуп даарылаган
08.02.2018. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аруукенинда денесинде так,тырыктар калбайт деп ишенем.Кудайым шыпаасын берсин.
08.02.2018. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жардам бере кор
08.02.2018. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетсин
08.02.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛА жардам берип тезиреек сакайып кетсин жардамынарды айабагыла т
уугандар
08.02.2018. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата энесине айтарым элсом ачып койушса жакшы болот эле. Анан кичинекей кызга кудай озу кучкубат берсин. жардам которот элек эгер элсом болгондо
08.02.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин колум күйгөндө канча болгом байкуш кыз ай( чыканактан билеке чейин ушундай болгон менде да)
08.02.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым шыпаасын берсин,азыркы заманда кудайым больницадан сактасын...астанасын аттаганда башталатгоо ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: