super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-ФЕВРАЛЬ: Камчы Сарыбаев: "40 жашты белгилебейт экен, туулган күнүмдү жумушта өткөрүүдөмүн"

 

Бүгүн, 7-февралда "Дем" театрынын актёру, тасмаларда ар бир ролун жогорку деңгээлде аткара билген Камчы Сарыбаев 40 жашка толду. Актёрду куттуктоо үчүн байланышка чыкканыбызда, туулган күнүн жумушта өткөрүп жатканын айтты.

"Куттуктоолорду түнкү саат 12ден кийин эле кабыл ала баштагам. Алгач өкүл балдарым, андан соң туугандар, жоро-жолдоштор куттукташты. Чалуулар менен билдирүүлөрдү түнкү саат 2ге чейин кабыл алып, калгандарына эртең менен жооп бердим. Быйыл 40 жашка чыгып жаткандыктан жакындарымдын баары тең "40 жашты белгилебейт" деп айтып жатышып, туулган күнүмдү белгилебей турган болдум. Азыр күндөгүдөй эле театрда жумуш үстүндөмүн", - дейт актёр.

Камчы Сарыбаев 1978-жылы 7-февралда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Аксай айылында төрөлгөн. 8-классты бүткөн соң Бишкектеги Суворов атындагы аскердик окуу жайына тапшырып, бирок аягына чейин окуган эмес. Кийин Искусство институтуна тапшырган. Окуусун аяктаган соң куудулдар театрында иштеп, андан соң Кыргыз драма театрында эмгектенип, "Карт бойдок", "Боз салкын", "Участковый", "Жигитим аяз ата" жана башка бир топ тасмаларда роль жараткан. 2010-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" наамын жеңип алган. Учурда үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.

7-февралдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: