super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны өттү

 

Бүгүн, 7-февралда Бишкек ЖЭБи боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева билдирди.

"Бүгүн жыйында комиссия кантип иш алып бара турганы боюнча талкууланды. Бир нече депутат Каржы министрлигине барса, айрымдары ЖЭБге барат. Уюштуруу иштерин тактадык. 12-февралда комиссиянын төрагасы шайланат. Эки талапкер бар. Алар: "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев жана КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев. Бүгүн комиссиянын айрым мүчөлөрү аймактарда жүргөндүктөн добуш бере албай калдык", - деди Касымалиева.

Депутаттык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Исхак Масалиев,

КСДП фракциясынан Төрөбай Зулпукаров, Данияр Аттокуров, Аида Касымалиева, Улан Примов, Аалы Карашев,

"Бир Бол" фракциясынан Мыктыбек Абдылдаев,

"Ата Мекен" фракциясынан Сайдулла Нышанов.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов, Умбеталы Кыдыралиев,

"Кыргызстан" фракциясынан Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов.

Депутаттык комиссия 386 миллион долларлык ЖЭБдин курулушу, ЖЭБдеги авария, өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын иликтеп чыгат.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: