super.kg logo

Айдана Дека: "Менин көңүлүмдү өзүнө буруп жүргөн бир жигит бар"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG порталынын Түз эфиринде жаш ырчы Айдана Деканын маеги башталат. Ырчы өзүнүн "Кыздын сыры", "Бакытым", "Бийле" чыгармалары жана Аваз Акимов менен бирге аткарган "Аппагым" дуэти менен элге белгилүү.

Айдана Декага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:00 Түз эфир башталды. Ырчы Айдана Дека алып баруучунун ойготкуч суроолоруна жооп берүүдө.

15:06 Суроо: "Кайсы ырың элге көбүрөөк белгилүү?"

Жооп: "Элге таанымал деле ыр жарата элекмин. Репертуарымдагы ырлардын ичинен башкаларга салыштырмалуу "Кыздын сыры" аталыштагы ырым интернетте көбүрөөк каралган".

15:08 Суроо: "Элге сулуулугуң эмес, талантың менен таанылыш үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасың?"

Жооп: "Жаңы чыгармаларды жаратып, вокалдан сабак алып жатам. Мындан сырткары өзүм жуманын 3 күнү бий үйрөнсөм, 3 күнү өзүмдүн бий студиямда бийден сабак берем".

15:12 Суроо: "Үй-бүлөңүз тууралуу айтып бериңизчи?"

Жооп: "Үч бир туугандын ортончусумун. Улуу байкем үй-бүлөсү менен өзүнчө жашайт. Атам жана апам жеке ишкерлер".

15:15 Суроо: "Түз эфирди карап отуруп колуңдагы шакекке көзүм түштү. Бирөө шакек салдыбы?"

Жооп: "Бул жөн гана шакектер, бирөөнү буюртма менен жасатып алсам, экинчисин дүкөндөн алгам".

15:16 Суроо: "Ильяз Абдыразаковдун "Эргүү" деген ырын аткарганың жаккан жок. Өзүң кандай баа бересиң?"

Жооп: "Көпчүлүк бул ырды мурдатан билет. Мен колумдан келишинче татыктуу аткарууга аракет кылдым. Албетте, ар кандай сын-пикирлер, талкуулар болуп жатат. Баарын туура түшүнүү менен кабыл алдым".

15:21 Суроо: "Сын-пикирлерге кандай карайсың?"

Жооп: "Кыз болгон соң катуу айтылган сын-пикирлер маанайымды түшүрөт. Убакыттын өтүшү менен орунсуз сын-пикирлерге көңүл бурбаганды үйрөнөм деп ойлойм".

15:24 Түз эфирде оюн орун алды. Ырчы Айдана Дека алып баруучуну байланган көздөрү менен боёгонго аракет кылууда.

15:30 Суроо: "Канча жашыңыздан баштап боёно баштагансыз?"

Жооп: "9-класста окуп жүргөн кезимден тартып боёно баштагам. Ал кезде өзгөчө каш боёгонду жактырчумун".

15:33 Айдана Дека өзүнүн "Кыздын сыры" аталышындагы ырын жандуу үн менен аткарууда.

15:35 Суроо: "Аваз Акимов менен болгон мамилеңерди качанкыга чейин жашырасыңар? Кийин үйлөнүп калсаңар элге кантип түшүндүрөсүңөр?"

Жооп: "Аваз Акимов менен болгон мамилемди жашырбайм. Анткени экөөбүз достук мамиледебиз. Азыркы тапта менин көңүлүмдү өзүнө буруп жүргөн бир жигит бар, бирок аны чындап сүйөм деп айта албайм".

15:40 Суроо: "Тапкан каражатыңдын жарымы эле косметикалык каражаттарга кетсе керек?"

Жооп: "Косметикалык каражаттарга акча деле коротпойм. Сулуулук салондор менен атайын келишим түзүп, ал жактан бекер боёнуп, чач жасалгаларды бекер жасатам".

15:43 Суроо: "Асел Кадырбекова менен сулуулук салондо кезек талашып урушуп кетти деп уктук эле. Азыр мамилеңер кандай?"

Жооп: "Жок, бул жөн жерден чыккан ушак. Эч кандай кезек талашып урушкан эмеспиз. Азыркы тапта мамилебиз жакшы".

15:46 Суроо: "Сени апаң Жийдеш Идирисовадай ырчы кылам деп жүрөт деп угуп калдык эле, ошол чынбы?"

Жооп: "Бул сөздү биринчи жолу угуп жатам. Мага ата-энем дайыма ар бир адам өзгөчө, ар биринин өзүнүн жолу бар деп айтып келишет. Ал эми Жийдеш Идирисованын чыгармачылыгын сыйлайм".

15:50 Суроо: "Мен сени сүйөм. 14-февралды мени менен чогуу тосчу? Кандай пландарың бар?"

Жооп: "Сүйүшкөндөр күнүндө Каракол шаарында болом. Ал жакта өтө турган концертте ырдайм. Андан соң тоо-лыжа базасына барып эс алам. Бул сүйүшкөндөрдүн күнү, а мен учурда эч кимди сүйбөйм".

15:53 Суроо: "Аябай арыксың качан семиресиң?"

Жооп: "Учурда салмагым 43 килограмм, өзүмө жагат. Алты-саным аман экенине ыраазымын".

16:00 Түз эфир соңуна чыкты.


кошулду





Айдана Дека: "Көңүлүмдү буруп жүргөн бир жигит бар"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(15)
07.02.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аваз Акимов,Айдана Дека мн ортобузда суйуу бар дн маегин окудум эле.а сен эмнеге бул нерсени четке кагып келесин?ачыгын эле айтып койда тарс этип
07.02.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Айдана салам. Ата Энен жонундо айтып Берчи.сен аларды жакшы коросунбу
07.02.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Айдана мен сени суйом журогундон мага орун барбы?
07.02.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jasalma suiloisun..ozundu choon kizdardai sezip ketet okwoisun suilop jatip
07.02.2018. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мурда ар дайым мышыктын кулагын тагып жүргөнүңдү байкачы элек, акыркы күндөрү кулак такпай калганыңдын себеби эмнеде?
07.02.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менин кызым асылай сени аябай жакшы корот. Ага салам жолдоп койчу. Аты асылай. Бугун туулган куну эле
arimle00 түзөттү 2018-02-07 15:15:46
07.02.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айдана кандайсын иштерине ийгилик ден солук сага суроом апана телефон чалып апа мен сизди жакшы кором сиз менин бакытымсыз дешин керек алдын ала рахмат
07.02.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
салам айдана дека ырдап берчи
07.02.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Салам Айдана Дека жеке концертинди качан берейин деп жатасын же планда жокбу?
07.02.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Саламатсызбы Super.kg! Саламатсызбы Айдана Дека! Ырларыныз мага жагат, озунуз ырыныздан да жагасыз. Келечекте Бегиш же Баястан менен дуэт болуп хит боло турган ыр ырдап чыга аласызбы?
07.02.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Логикалык табышмак жээнбектин баласы менин баламдын атасы болот деген адам жээнбектин эмнеси болот
08.02.2018. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurmat92, Жээнбектин апасы болот
08.02.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nurmat92,жээнбектин келини
07.02.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Салам Дека..илгери волшебная страна деген балдардын дольоорунда ырдап чыктын эле...ошондогу балдар кыздар менен мамилен барбы учурда...
SUPER.KG видео
07.02.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жарытылуу деле суроо жок го е, окуп чыксам )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: