super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Милиция Тогуз-Тородогу митингде 1000 эмес, мындан эки эсе аз киши катышканын билдирет

 

Бүгүн, 7-февралда саат 11:00дө Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун А.Сыдыков атындагы маданият үйүнүн алдында 400дөн ашуун жергиликтүү тургун чогулду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, митингчилер Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагына караштуу “Макмалалтынкен” комбинатынын жанындагы башкы подрядчик “Мега Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жаңы курулуп жаткан “ДжиЭл Макмал Девелопинг” алтынды кайрадан иштетүүчү комбинатынын курулушуна каршы чыгышты.

Митингде жергиликтүү эл комбинат ишке кирсе жергиликтүү тургундардын ден соолугуна жана табиятка зыян алып келерин айтып, курулуп жаткан комбинаттын ачылышына жана курулушуна каршы талап коюшту. Алар менен компаниянын адистери жана Тогуз-Торо районунун акими жолугушуп, жергиликтүү тургундарга жооп берди.

Аким “учурда курулуп жаткан комбинаттын курулуш иштери токтоп турат, сиздер койгон маселе боюнча жогорку бийлик өкүлдөрүнө жиберебиз андан соң жыйынтыгын сиздерге кабарлайм” деп айткандан кийин, чогулган тургундардын арасынан 50гө жакыны курулуп жаткан ишкананын курулушу токтоп турганын жеринен көрүү үчүн таанышып чыгышты. Чогулгандар саат 13:30да тарап кетишти. Митинг учурунда мыйзам бузуулар болгон жок жана Тогуз-Торо районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу.

Учурда “ДжиЭл Макмал Девелопинг” компаниясынын курулуш иштери токтоп турат.

Айта кетсек, бүгүн, 7-февралда окурман Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда алтын ылгоочу комбинаттын курулушуна каршы митинг өтүп жатканын маалымдаган. Ал митингге чыккандардын жалпы саны болжол менен 1000-1500 адамды түзөрүн билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
07.02.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Миңге жетпеди деп көңүл бурбай койсо да болот экен да
07.02.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алдабагыла
07.02.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баары жалган 50 Адам курулуп Жаткан ишкана мн таанышты Кантип айтты ушул созду санаганды билбеген Адам айткангоо
07.02.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким жооп берип жатат. Эл аз эле чыкты, иштетсе болот деген сөзбү?! Ошол жерде канча киши чыкса да бүт карапайым элдер. Чондор, мекеме жетекчилерин көрө алган жокпуз деп атышат. Же алар каршы эмеспи?! Курулуп жаткан конбинаттын иштеши элге зыян гана алып келет, эч кандай пайда эмес. Ансыз деле азыркы тапта иштеп жаткан макмал алтын конбинатынан чыккан уулу заттардын абаны булгашы, майып балдардын төрөлүп жатканы эле жетишет!
07.02.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда митинг болсо эле бийлик атайын аз адам чыкты деп билдируу таратат? Бул кимдерге пайдалуу? Бул мекенчил эместерге тиешелуу создор. Элдин кызыкчылыгын бийлик кылбаганы учун эл оздору айтып чыгып атышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: