super.kg logo

Ырчы Нурмат Садыровдун чыгармачылык жолун чагылдырган "Браво 2" тасмасы жарык көрдү

 

Кечээ, 7-февралда борбордогу кинотеатрлардын биринде шоу-бизнестин күнгөй-тескейин жана ырчы Нурмат Садыровдун чыгармачылык жолун чагылдырган "Браво 2" тасмасынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Ага эстрада жылдыздары, "тамашоучулар" жана көптөгөн кино сүйүүчүлөр келген.

Кычыраган кыш мезгилинде тартылган тасманын продюсери Нурлан Мамакеевдин айтымында кинону жаратуу үчүн жалпысынан 6 айдан ашык убакыт кеткен.

"Тасманы тартуу идеясы жарым жыл мурун келген. Башкы каармандын образын жараткан Нурмат Садыров башка мезгилде убактысы болбогондуктан кыш мезгилинде тартууга туура келди", - дейт Мамакеев.

Ал эми кинодо алгачкы жолу роль жаратып жаткан Нурмат Садыров тасмага тартылган жакканын айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:

"Тасмага тартылуу башында кыйын болду, бирок бара-бара көнүп кеттим. Роль жаратуу бул өтө олуттуу иш экенин түшүндүм".

"Браво 2" тасмасы мурда жарык көргөн "Браво" фильминин уландысы. Тасманын экинчи бөлүгүндө Садыровдон сырткары Толгонай Арзыкеева жана "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков роль жараткан.

Бул тасмада Шамаль аттуу продюсердин ырчы Нурлан Насип менен болгон келишими бүтүп, ал жаңы чыгып келе жаткан Нурмат Садыровго продюсер болуп, анын чыгармачылыгынын өнүгүүсүнө өз салымын кошо баштайт.






Ырчы Нурмат Садыровго келинчек издеген "Браво 2" тасмасы жарык көрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
08.02.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жакшы кино болсо керек. Кубанычтын талантына таазим.
08.02.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен бул кинону биринчи жолу коргондо, экинчи жолу көргөндөй болдум.
08.02.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киного эмес, тамашоуго баргандай болосун.
08.02.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ошентип кинонун баркын кетире бергиле! Бардык ырчыларрдын өмүр баянын, чыгармачылынын тартып чыксанар кино кылп!
SUPER.KG видео
09.02.2018. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буюрса Жакшы кино болотко
SUPER.KG видео
10.02.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун жакшы идея.Эмнеге болбосун тартканга, бироо жакшы экоо анданда жакшы дегендей.Чыгармачылык ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: