super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев жана Бишкектеги кеңешменин катышуучулары 2010-жылдагы Июнь окуясынын курмандыктарын эскерди

 
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кеңешмени ачууда
Кеңешмени ачып жатып, Алмазбек Атамбаев 2010-жылдагы июнь окуяларынын курмандыктарынын элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерүүнү сунуштады
Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча кеңешме учурунан
Кеңешме учурунан
Кеңешме учурунан
Кеңешме учурунан
Кеңешме учурунан
Кеңешме учурунан
Эл биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча кеңешме учурунан

Бүгүн, 10-июнда президент Алмазбек Атамбаев Эл биримдигин жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча кеңешмени ачып жатып, 2010-жылдагы июнь окуяларынын курмандыктарынын элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскерүүнү сунуштады. Мамлекет башчы Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болуп өткөн кайгылуу окуяларды эстегенде бүгүн да ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздаарын белгиледи. Тамырлары бир, тили дээрлик бир жана ишеними бир элдер кара өзгөйлүк менен кылдат даярдалган бузуку ойлордун барымтасы болушту. Жаңжал чыгып, бейкүнөө адамдар курман болушту. Бирок мындан ары өлкөбүздө мындай каргашалуу окуялар кайталанбашы керек, - деди Алмазбек Атамбаев. Эске салсак, бүгүн 2010-жылдын июнунда Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болуп өткөн, жүздөгөн кыргызстандыктардын өмүрүн алып кеткен кайгылуу окуяларга 3 жыл толду. Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандардын коомдук бирикмелери бул күнү Кыргызстан элинин биримдигин камсыз кылууга багытталган жана ошондой эле курман болгондордун элесине жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө арналган иш чараларды өткөрүшүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: