super.kg logo

Өлкөдө күйүүчү майдын баасы кымбаттайт

 

Өлкө аймагында күйүүчү майдын баасы февраль айында дагы 4-6 пайызга кымбаттайт. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Мунай ташуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов SUPER.KG'ге билдирди.

Анын айтымында, биздин өлкөдө күйүүчү майлардын кымбатташына дүйнөлүк базардагы мунайдын баасы кымбаттап, акыркы 3 жылдагы эң жогорку чекке жетиши себеп болгон. Ошондой эле Орусияда бензиндин дүң баасы 3-5 пайызга, дизель 7 пайызга жогорулагандыгы биздеги баага өз таасирин берди.

"Кыргыз мамлекети негизинен күйүүчү майды Орусия өлкөсүнөн алат. Учурда Борбор Азиядагы өлкөлөрдө, айрыкча Өзбекстан жана Казакстанда суроо-талаптын көбөйүүсү - орусиялык мунай чыгаруучу мекемелерде анын дүң баасынын көтөрүлүп кеткендиги менен байланыштуу. Күйүүчү майга баа жаңы жылдан тарта өсө баштаган. Маселен, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бензин 0,8 сомго (2 пайыз), дизель майы 2 сомго (5 пайыз) жогорулаган", - деп билдирди Кулов.

Учурда айдоочулар эң көп колдонгон А-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майы Бишкекте 40-41 сомдун тегерегинде сатылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
08.02.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы каягына которушот экен
08.02.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кымбаттаткандан башка эмнени билесинер озу?! которулгон боюнча кайра тушпойт бизде ушундайда, арзандады дегенди деле укпайбыз.
08.02.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eptep wyltoo menen kotorup alsa bawka tuwpoytko emi. tuwurgonu kuchunor k
jetpese inflyasiya dep aylykty dagy kotorgulo.
08.02.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Араванда 43жарымдан куйупатабыз чеке жерлерде 45сомго чейин дагы каяка көтөрүлөт
08.02.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди которулгонго туртуп жатасынар. Эл толкуса жаман болот. Ойлонуп иш кылгыла жеп жутаттар. Бакиевдин акаевдин кейпин кийип калбасын соке. Апрель дагы жакындап калды ойлонгула шашпай ойлонгула
08.02.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Баткенден АИ 92 45 сомдон Оштон 43 сом 50 тыйындан куйдум дагы кымбаттаса карапайым калкка кыйынго, чоңдорго элдин эсебинен көлөмү чоң автоунааларды айдап жүрөт берет.
08.02.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мунай кымбаттады деп коюшат.Акыркы жылдары мунай аябай арзандап жатканда бизде эмне бензин арзандабады?Кыскасы элди сормой.Мунун аягы жакшы менен бутпойт го.
BarsBaatyr түзөттү 2018-02-08 14:53:15
08.02.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнодо нефть арзандаган убакта арзандаган эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: