Жактоочулар: "Протокол түзүлүп бүткүчө 3 саат гана камалышы керек болсо, "ата журтчу" 3 депутат 8 саат камалган"
Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги сот
иши уланып жатат. Күбө катары башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Нурлан Жээналиев суралып
жатат. “Митинг боюнча кылмыш иши козголуп, протокол түзүлүп бүткүчө депутаттар
камакта отурган. Бирок канча саат отурганын билбейм”,- деди Жээналиев. Анда жактоочулар мыйзам боюнча протокол түзүлүп бүткүчө жаранды 3 саатка гана камаса болорун, бирок депутаттар 8 саат камалганын айтышты.
Автор: Мээрим Жеңишбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

