SUPER.KG`нин Түз эфиринде ырчы Малика Дина бүгүн саат 15:00дө конокто болот
SUPER.KG порталынын Түз эфиринин кезектеги коногу - ырчы Малика Дина. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун кызы карьерасын кичинекей кезинен тарта баштаган. Алгач сахнага бийчи катары чыга баштаса, кийинчерээк ырчылыкка киришкен.
Малика Дина - Орусиянын Москва шаарында 1995-жылы 19-декабрда төрөлгөн. Көпчүлүккө "Жолугабыз аз күндө", "Суранам", "Бактыма" жана башка ырлары менен таанымал. Ал эми анын аткаруусундагы “Ойлорум сага” аталышындагы ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “2013-жылдын супер ремейки” деп табылган.
Ырчы жакында эле "Айтчы себебин" деген ырынын клибинин бет ачарын өткөргөн. Аталган клипке казак актёру Еркебулан Токтар катышкан.
Малика Динага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып +996 557 75 63 63 WhatsApp номерине узатыңыз. Ошондой эле түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып дагы жооп алсаңыздар болот. Ырчы бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.
Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
28-февралда SUPER.KG'нин түз эфиринде Малика Дина конокто

Сага ийгилик, ден соолук жана аялдык бакыт каалайм!!!
Суроо?
Жашоодо аябай өкүнгөн, жа аябай катуу кубанган учуруңду айтып өтсөң...?
Рахмат!
Суроту го. Сындатыпле койсо адамдарды
Кызындын атасы менен эмне себептен ажырашкансынар?
Азыр байланышып турасынбы? Айтайын дегеним кызына келип турабы?
Журогумдун ээси бар деп айтып журосун, кечээ эле ажырашып , бугун бироону тапканын , эрте эмеспи б.а коркпойсунбу? Сутко оозу куйгон айранды уйлоп ичет эмеспи....