super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Коррупция менен күрөшө турган саясий эрк менде бар, ал күрөшкө даярмын"

 

Бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөш мындан ары катуу жүргүзүлө турганын айтты. Өлкө башчысы бардык күч структураларын, мамлекеттик кызматкерлерди таза, ак дилден иштөөгө чакырды.

"Коррупцияга каршы күрөш укук коргоо органдары менен чектелбейт. Күрөштү бардык чөйрөдө, бийликтин жогорку эшелондорунан тартып, ар бир айыл өкмөтүнө чейин жүргүзөбүз. Коомду коррупция деген илдеттен тазалашыбыз керек. Бул күрөштө эң башкы күч - президенттин саясий эрки. Кыргыз элимдин, жалпы журтумдун алдында "коррупция менен күрөшүү - менин мамлекет башчысы катары ишимдеги маанилүү маселе" деп айткам. Мындай саясий эрк менде бар, мен ал күрөшкө даярмын! Силерге да өлкөгө таза, ак дилден кызмат кылууну талап кылам", - деп жыйындын катышуучуларына кайрылды Жээнбеков.

Айта кетсек, Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйыны өлкөдөгү укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларына арналган. Анда бул органдардын жетекчилери катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: