super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Криминалга жана баңгизатка байланыштуу жумуштардын начардыгы өлкөнүн эл аралык аброюна шек келтирип жатат"

 

Бүгүн, 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын жумушун сынга алды. Өлкө башчысы уюшкан кылмыштуулук, баңгизатка каршы жүргүзүлгөн жумуштардын натыйжасыз болуп жаткандыгын укук коргоо органдарындагы коррупцияга байлады.

"Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү болбой жатканынын негизги себеби - коррупция. Адистердин айтымында, криминалдык чөйрөдөгү капитализациянын көлөмү абдан чоң суммага жетти.

Баңгизаттарга байланыштуу коррупцияны өзүнчө белгилөө керек. Коррупциялык кирешелердин экинчи чоң бөлүгү, наркобизнес менен байланыштуу. Эл аралык "түндүк" транзиттик маршрутунун бар экенин эч ким тана албайт. Ири өлчөмдөгү баңгизаттар, чоң суммадагы акча каражаттары айланып, көптөгөн адамдар аралашып жатканы маалым.

Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматын ИИМге өткөрүп берип, күчтөндүргөнүбүзгө карабай, бул багыттагы иш начарлап кетти. Укук коргоо органдары 2016-жылы 166 килограмм героин кармалды десе, өткөн жылы болгону 101 килограмм кармалганы боюнча маалымат беришти. Мындай начар жумуштун негизги себеби укук коргоо органдарындагы коррупцияга барып такалат. Бул фактылар өлкөнүн эл аралык аброюна шек келтирип жатат", - деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: