super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Таза бизнес элди багат, "калкалоосу" барлар коррупционерлерди багат"

 

"Таза бизнес элди багат, "калкалоосу" барлар коррупционерлерди багат", - деп бүгүн, 8-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты. Ал укук коргоо, сот органдарына кайрылып, аларга адилеттүүлүктү камсыз кылуу милдети жүктөлгөнүн эсине салды.

"Коррупцияга каршы негизги соккуну сот, укук коргоо жана көзөмөл органдары жасашы керек эле. Бирок андай болбой жатат. Бул органдар өздөрүнүн системиндеги коррупцияга туруштук бере албай жатат. Кылмыш иштерин анализдеп көрсөк, коррупциялык көрүнүштөрдүн болуп жатканына ынанабыз. Анткени акыркы 2 жыл ичинде укук коргоо органдары тарабынан 76 миңден ашык иш козголуп, анын 30 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Козголгон кылмыш иштеринин 12 пайызы боюнча гана кылмышкерлер жоопко тартылган. Жалпы иштердин 43 пайызы тергөө тарабынан токтотулган же кыскартылган. Анын ичинен 85 пайызы "кылмышка шектүү адамдар табылган жок" деп токтотулган.

Бардык экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча шектүү адамдар белгилүү. Силер аларды кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпай жатасыңар. 656 иш кылмыш курамынын жоктугунан кыскартылган. Демек, бул иштердин баары мыйзамсыз козголгон. Жабыркаган карапайым адамдын талкаланган тагдыры, бүлүнгөн ден соолугу, үй-бүлөсү көргөн азабы үчүн эч ким жооп берген эмес", - деди Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: