Сооронбай Жээнбеков: "Июнь окуясына күнөөлүүлөр мыйзамдан качып жүрүшөт, бирок Кудайдан эч кайда кача алышпайт"
Ош
облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында Июнь
окуясында каза болгондорду эскерүү аземи болуп өттү. Иш-чарага аталган каргашада каза болгондордун жакындары, жабыр тарткандар, аксакалдар жана жаштар
катышты. Башында облус жетекчиси Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, эки улуттун
өкүлдөрүн биримдикке жана тынчтыкка чакырды.
Автор: Дастан Үмөтбай уулу
"Бизден башка эч ким, эч бир мамлекет Кыргызстан өнүгүп-өссүн дебейт. Кыргызстандын тынчтыгы, өнүгүүсү бир гана бизге керек! Биз качан гана, биримдикте, ынтымакта жана достукта жашасак, ошондо гана мамлекетибиз өнүгөт. Биз эч качан бир ууч саясатчылардын, сеператисттердин бал тилине, чындыкка дал келбеген сөздөрүнө ишенбешибиз керек. Бүгүн эки элдин ортосунда от жаккандар мыйзамдан качып жүрүшөт, бирок алар кудайдын жазасынан кача алышпайт", - деди Жээнбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

