super.kg logo

“Эркиндиктин 50 кыры”: Грей мырзанын төшөк оюнуна көрүүчүлөр тойбой калышты

 
"Грей мырзанын 50 кыры" тасмасынан.
"Караңгылыктын 50 кыры" тасмасынан.
"Эркиндиктин 50 кыры" тасмасынан

Кечээ, 7-февраль күнү Бишкек шаарынын кинотеатрларынын биринде убагында чуу жараткан “Грей мырзанын 50 кыры” тасмасынын уландысы тар чөйрөгө көрсөтүлдү. Ал эми бүгүн мына ошол тасманын “Эркиндиктин 50 кыры” деп аталган 3-бөлүгү жалпы коомчулуктун назарына коюлат.

Грейдин ролу аягына чейин Жейми Дорманда калды

Эротикалык бестселлер “Грей мырзанын 50 кыры” тасмасы соңку 3 жылда талкуу чордонунан түшпөй келет. Кинонун биринчи бөлүгүндө өзүн жана өнөктөшүн кыйнап төшөк кумарынан ырахат алган Кристиан Грейдин жоруктары ачык эпизоддордо көрсөтүлгөнү үчүн көпчүлүк төшөк мамилеси жумшактыкты, назиктикти сүйөт, кинодо баш каарман “садомозахист” катары көрсөтүлгөн деп сындашкан. Тасманын "Караңгылыктын 50 кыры" деп аталган экинчи бөлүгүндө кино жаратуучулар айтылган сындардан туура жыйынтык чыгарышкан өңдүү. Себеби Грей Анастейша Стилди мурункудай ырахат алуучу курал катары гана көрбөй, өнөктөшүнө карата сүйүүсү, аёо сезими ойгонот. “Күүгүм” жана “Гарри Поттер” чыгармаларын артка таштап, 30 миллиондон ашуун нуска менен рекорд койгон “Грей мырзанын 50 кыры” чыгармасынын экрандаштырылган версиясын көпчүлүк киносынчылар чыгармадан да кызыктуу болгон дешет. Фильмдин үчүнчү бөлүгүндө Грейдин ролун аткарган актёр Жейми Дорман тартылбайм деп маек берген эле. Бирок актёрдун үчүнчү бөлүгүнө тартылганы тасма тартылып жатканда гана белгилүү болгон. “Грей мырзанын 50 кыры” чыгармасынын автору Эрика Леонард Жеймс Грейдин ролуна Роберт Паттинсонду көргүсү келгенин айткан, бирок тасма жаратуучулар Жейми Дорнандын оюнун жактырып ага токтолушкан.

Аз, бирок саз ачык эпизоддор


Грей мырзанын төшөк сырлары камтылган тасманын үчүнчү бөлүгүндө уяттуу эпизоддор мурунку бөлүмдөрүнө салыштырмалуу аз жана саз болуптур. Анын ордун “Эркиндиктин 50 кыры” тасмасынын сюжетинде юмор, драма, романтика ээлегендей туюлду. Кызыл түстөгү оюн бөлмөсүндө өзгөчө төшөк ыкмаларын колдонгон түгөйлөр миллиардер Кристиан Грей менен журналист Анастейша Стил баш кошуп, көп узабай Анастейша кош бойлуу болот. Жубайынын кош бойлуу экенин Грей маанайы суз кабыл алат. Анткени ал мындай кабыл алуусун “ата болууга даяр эмесмин, сага жер кезип дүйнөнү көрсөткүм келет, сенин сүйүүңдү эч ким менен бөлүшкүм келбейт” деп түшүндүрөт. Тасмада түгөйлөрдүн бири-бирине болгон таттуу мамилесин, ысык төшөк кумарын, Анастейшанын ылдамдыкты сүйөрүн, чач тарач болгонун, Грейдин мас абалын, кала берсе рояль ойноп, Пол Маккартнинин ырын созгон романтик Грейди көрөсүз. Жалпысынан кино жаратуучулар күйөрмандарын бийик кыялга жетелеп, укмуштуудай жашоону сүрөттөгөндү унутпаптыр. Кымбат баалуу унаалар, менчик тик учак, кеме менен дүйнө кезип саякаттоо, айтор кыялдагыдай жашоо баарыбызды бир сыйра миллионерлердин жашоосуна суктандырып алды.

Экинчи пландагы актёрлор да өз көйгөйлөрү менен тасмага салмак кошуп кызыгын арттырган. Фильмдин бул бөлүгүнө юмор кошулганы да тасмага өзгөчө түс берет. Грейдин кызыл бөлмөсүндөгү төшөк оюнунда керектелчү аспаптарын көрүп, көрөрман фильмдин уландысы тартылат деген ойдо калышы мүмкүн. Бирок Кристиан Грейдин ролун аткарган актёр Жейми Дорнан акыркы берген маегинде бестселлердин мындан аркы уландысы тартылбай турганын айткан. Андыктан “Грей мырзанын 50 кыры” дал ушул “Эркиндиктин 50 кыры” менен аяктаганы турат.

Эскертүү! “Эркиндиктин 50 кыры” тасмасын кинотеатрлардан 18 жаштан улуулар гана көрө алышат.






"50 оттенков свободы" трейлер

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
08.02.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кино тартылып жатканда кандай болду экен дейм, ошончо кишиге кайра кайра корсотуп
08.02.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кечээ оо кудай, алла, алла деген дин жолунда жургон ырчыларды ушул кинодон коруп жерге кирип кетейин дедим))))
08.02.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
mumu00,эмнеге ?секстин эмнеси уят?аларда ыссык Жан жашоодо сексуалдуу Жана темпераменту анан красавчик болуп журуш керек/билбесе уйронуш керек!
08.02.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусчасы кандай аталат экен
08.02.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусчасын жазып койгулачы
08.02.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
50 оттенков серого.ушубу?????
08.02.2018. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазылып туратго кара тамга менен
08.02.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
50 оттенков свободы
08.02.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакпайт, кайра кайра тартышат жон эле
09.02.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кинону 18-жаштан откондор гана корушу керек экен
09.02.2018. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Кыргызстандын Маданият Министри болгонумда Бир дагы кино театрдан койдурбайт болчум запрет кылып салат Элем, Западын эротикасын! Эркекче соз берем!
09.02.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Fidel, доске биринчи сайттарга тыйуу салыш керек анан кинону менин деле оюм ушул
09.02.2018. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Fidel,Ошон учун болбойсун и болоалбайда калдынго! Супер-Инфодон колун бошобойт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: