"Мен сыналгыдан 3-октябрдагы митингчилердин чөнтөгүнөн курал көргөм" дейт Нурлан Жээналиев
"Мен сыналгыдан 3-октябрдагы митингчилердин чөнтөгүнөн курал көргөм". Бул тууралуу депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча өтүп жаткан кезектеги сот ишинде башкы прокурордун мурдагы биринчи орун басары Нурлан Жээналиев айтты. Мындай билдирүүгө айыпталуучу депутат Камчыбек Ташиев каршы чыкты. “Биздин колубуздан эч ким курал-жарак көргөн эмес. Бир гана УКМКнын 9-кызматынын башчысы Замир Сабаев 2 таш көрүптүр. Ал дагы тергөө ишине тиркелди. Урматтуу Нурлан, сиз туура эмес айтып жатасыз”,- деди Ташиев. Учурда Жээналиев айыпталуучулардын ар кандай суроолоруна жооп берип жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

