super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Азия чемпиондугу: Өзбекстан курама командасы жарым финалга өттү

 

Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунда Өзбекстан курама командасы жарым финалга өттү.

Азия чемпиондугунун чейрек финалында Өзбекстан курама командасы Вьетнам менен кез келди. Анда 1 саат созулган беттештин жыйынтыгында Өзбекстан курамасы 3:1 эсебинде жеңишке жетип жарым финалга өттү.

Өзбек футзалчылары менен бирге жарым финалга Иран, Ирак жана Япония командалары өттү.

Чейрек финалдык бөлүктө Иран курама командасы Таиланд менен кез келген, анда Иран футзалчылары 9 гол киргизсе, Таиланд курамасы 1 гол менен гана жооп бере алган.

Ирак курамасы чейрек финалда Ливан менен кез келген. Беттештин негизги убактысында жеңүүчү аныкталбай, пенальтилер сериясы орун алган. Анын жыйынтыгында Ирак курамасы 9:8 эсебинде жеңүүчү болду.

Япония курама командасы чейрек финалда Бахрейн курамасына туш келген. Беттештин жыйынтыгында Япония курама командасы 2:0 эсеби менен жарым финалга аттанды.

Эске салсак, Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун тайпалык баскычында алгач Ливан курамасы менен кез келип, 2:2 эсеби менен жыйынтыктаган. 2-беттеште Кыргыз футзалчылар Иордания менен ойноп, 3:1 эсебинде утуп алган. Тайпалык баскычтагы чечүүчү беттеште Кыргыз спортчулары Таиланд менен беттешип, 1:8 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
08.02.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Охоо молодцы. Биздикилер жарым финалдын жытын да жытташа албадыго шорталарын булгап койуштуго Таиланд мн ойногондо 8:1ге утулуп
08.02.2018. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
8:1 геби оххоооо
08.02.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Азаматтар чемпион болгула
08.02.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озбекстанда футбол катуу онуккон.Биз эми онугуп келе жатабыз.Молодцы биздин жигиттер дагы.Коро албагандарга ден-соолук!!!Алга Кыргызстан!
09.02.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошуналарга ийгилик каалап койолу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: