Финляндияда жалаң гана айымдар эс алуучу арал ачылат
Америкалык жеке ишкер айым Кристин Рот Финляндиянын аймагынан арал сатып алып, аны атайын айымдар гана эс алуучу аралчага айландырууну көздөөдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, анын негизги максаты айымдардын эс алуу учурунда мырзалардан тартынбастан, аларга карап боёнуп-түздөнбөстөн толук кандуу дем алуусун шарттоо.
"Эс алууга келген ар бир адам толук кандуу дем алуусу шарт. Мисалга алсак, бир айымдын жанына келбеттүү мырза келип калса, ал дароо чымырканып, баштыгына кол салып, ооз боёгун алып чыгып боёно баштайт. Менин тилегим айымдарыбыздын эс алуусу стресс жана чымыркануусуз өтүүсү. Мындай аралды ачуу мырзаларга карата жек көрүүнү түшүндүрбөйт", - деген ал.
Айта кетсек, аралдын жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Учурда ультра-люкс бөлмөлөрү менен 10 кабаттуу мейманкана салынууда. Айымдарга арналган аралдын курулуш иштери бүткөн соң ал жакка мырзалардын кирүүсүнө тыюу салынат. Ал эми айымдар ден соолукка пайдалуу тамак-аштарды даярдоону үйрөнүү, йога, фитнес жана башка ден соолугун чыңдоочу спорттун түрлөрү менен машыкса болот.
Ошондой эле маалыматта айтылгандай, айымдардын аралы биринчи кардарларын ушул жылдын жай айларынын биринчи күндөрүнөн тарта кабыл алуусу пландалууда. Азырынча аталган аралга жолдомонун так баасы белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
3

Комментарийлер(7)
keba300989

09.02.2018. 09:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектергеда ачылат эми
Uulka9293

09.02.2018. 09:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизге да барууну насип кылсын
bond02

09.02.2018. 09:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы идея экен, эркектери семиз болот да.
Isco23

09.02.2018. 10:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bond02,1 5 кылсачы?кайра арыктайт да бечара))
Matahara1980

09.02.2018. 14:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыы
bond0202

10.02.2018. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектери жок эс алуу кызыксыз болуп калатко айымдарга
Baha.A

12.02.2018. 10:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал жака лесбилер каттап калбайбы?
Baha.A түзөттү 2018-02-12 10:06:33
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.