super.kg logo

ИИМ: "Саясатчылардын сүйлөшүүсү жаздырылган диктофон боюнча материалдар прокуратурага жиберилди"

 

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, ИИМдин Күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талантбек Исаев жана парапсихолог Мелис Карыбеков жолуккан кафеден табылган диктофон боюнча материалдар Бишкек шаардык прокуратурага жиберилди. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя 7-февраль күнү Бишкектеги "Обама" деген кафеде болгон. Алар түшкү тамактануу учурунда сүйлөшүп отуруп, столдун астынан алардын сүйлөшүүсү жаздырылып жаткан диктофонду таап алышкан.

ИИМдин маалыматы боюнча, диктофонду аталган кафеде иштеген официант койгон. "Ал диктофонду чала таанышы бергенин айткан. Прокуратура берилген материалдарды карап чыгып, диктофон ким тарабынан жана эмне максатта коюлганына баа берет", - деп билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.02.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар оппозиция окулдору экенин билебиз. Ал эми диктофонду ким койдурганын элдин баары эле тушунуп турат да. Дагы жакшы убагында таап алышыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: