super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 9-ФЕВРАЛЬ: Мындан 54 жыл мурун Австрияда IX Кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталса, бүгүн Түштүк Кореяда XXIII Кышкы Олимпиада оюндары ачылат

 

Бүгүн, 9-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өтө турган болсо, мындан 54 жыл мурун Австриянын Инсбрук шаарында IX Кышкы Олимпиада оюндары жабылган.

IX Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 10 түрү боюнча 34 медалдар топтому ойнотулган. Медалдар үчүн 36 өлкөдөн 1091 (892 эркек, 199 аял) спортчу катышкан. 11 күнгө созулган оюндардын жыйынтыгында командалык эсепте СССРдин курама командасы жеңишке жеткен, алар 11 алтын, 8 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышкан. Командалык эсепте 2-орунду мелдештин ээси Австрия ээлеген. Анын спортчулары 4 алтын, 5 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алган. Ал эми 3-орунду Норвегия курамасы ээлеп, 3 алтын, 6 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алган.

IX Кышкы Олимпиада оюндарында эң көп алтын медаль жеңип, мелдештин абсолюттук чемпиону советтик спортчу Лидия Скобликова болгон. Ал коньки менен чуркоо мелдешинде 500, 1000, 1500 жана 3000 метр аралыктагы жарыштарда алдыңкы орунду ээлеп, 4 жолу алтын медаль тагынган.

9-февралдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: