Жарнама боюнча маалымат
Информация
о рекламе
super.kg logo
Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Башкы бет
Соңку кабар
Супер-ИнфоСупер-Инфо
super.kg видео
Супер-Инфо Медиа-портал
Супер-Инфо Кинозал
Супер-ИнфоСуперстан
Маек Маек
Маек Жарыялар
Супер-Инфо Жылнаама
реклама
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Футзал боюнча Европа чемпиондугу: Казакстан жана Орусия жарым финалда жеңилүү ызасын тартып, эми коло байге үчүн күч сынашат

 

Казакстан курама командасы

Словениянын Любляна шаарында өтүп жаткан футзал боюнча Европа чемпиондугунда Казакстан менен Орусиянын курама командалары атаандаштарына жеңилип, эми коло медаль үчүн күч сынашат.

Казакстан - Испания

Европа чемпиондугунун жарым финалдык баскычында Казакстан курама командасы Испания курамасына туш келген. Атаандаштар 2 таймдын жыйынтыгында 4төн гол киргизип, негизги убакытта жеңүүчүнү аныктай алган жок. Кошумча убакытта командалар 1ден гол киргизип, эсеп 5:5 болду. Курама командалар жеңүүчүнү пенальтилер сериясында аныктамай болушту.

Пенальтилер сериясында учурдагы Европа чемпиондору Испания курамасы казакстандык спортчулардан таамай болуп, 6:5 эсебинде жеңишке жетти.

Орусия - Португалия

Европа чемпиондугунун экинчи жарым финалдык беттеште Орусия курама командасы Португалия менен кез келди. Эсеп санын 1-таймдын 4-мүнөтүндө Орусия курамасы Эдер Лиманын голу менен ачты. Буга Португалия курама командасы 2-таймда гана жооп кайтара алды. 31-мүнөттө Андре Коэлью эсепти тең кылса, 36-мүнөттө командасын алдыга чыгарды. Ал эми 39-мүнөттө Португалиянын оюнчусу Бруно Коэльюнун эсепти 3:1 кылды. Буга Орусия курама командасы 1 гол менен гана жооп бере алды. Оюндун аяктаарына 1 мүнөт калганда Эдер Лима айырмаланганга жетишип, эсепти 3:2 кылды.

Муну менен Португалия менен Испания курама комадалары футзал боюнча Европа чемпиондугунун финалына өтсө, Орусия менен Казакстандын курамалары 3-орун үчүн күч сынашат. Финалдык жана 3-орун үчүн беттештер эртең, 10-февралда өтөт.

12:56 09-02-2018
Автор: Нурсултан Нурболот уулу





Казакстан-Испания. Футзал Европа чемпиондугу. 08.02.2018

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 
17:37 2025-11-20 Видео Аудио
Ислам оюндары: Финалдык беттештердин убактысы белгилүү болду
16:45 2025-11-20 Видео Аудио
VI Ислам оюндары. Айпери Медет кызы менен Абдумалик Карачов финалда
16:07 2025-11-20 Видео Аудио
Айпери Медет кызы Ислам оюндарында жарым финалга чыкты
15:51 2025-11-20 Видео Аудио
Абдумалик Карачов Париж олимпиадасында коло медаль уткан балбанды жеңди
15:32 2025-11-20 Видео Аудио
Мээрим Жуманазарова VI Ислам тилектештиги оюндарынын финалына чыкты
14:10 2025-11-20 Видео Аудио
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Ислам оюндарында 3-орунду камсыздады
9:26 2025-11-20 Видео Аудио
Арууке Кадырбек кызы VI Ислам шериктештиги оюндарында коло байгеге ээ болду (фото)
23:37 2025-11-19 Видео Аудио
Мушкер Мунарбек Дүйнө кубогунда финалга чыкты
11:37 2025-11-19 Видео Аудио
Балбан Акжол Махмудов жеңиштен кийинки эмоциялары менен бөлүштү (видео)
23:13 2025-11-18 Видео Аудио
Раззак Бейшекеев Ислам оюндарынын коло байгесине ээ болду
23:02 2025-11-18 Видео Аудио
Асан Жанышов Ислам оюндарында коло байге утту
22:49 2025-11-18 Видео Аудио
Акжол Махмудов VI Ислам тилектештиги оюндарынын чемпиону болду

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
×
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
Тел.: +996 312 88-24-00
+996 779 47 39 39
portal@super.kg
kabar@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
p
Эрежелер Эрежелер
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: