super.kg logo

Бишкек шаардык прокурор "көк кит" оюнун эстеп, балдарды коргоо боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады

 

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясында шаардык прокурор Абдибакыт Халмурзаев "көк кит" оюну жөнүндө эстеп, балдарды коргоо боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады.

"Былтыр өспүрүмдөр арасында укук бузуулар көп катталды. Бирок бүгүн мэриянын коллегиясында бир дагы аким бул боюнча маселе көтөргөн жок. Былтыр “көк кит” оюну пайда болгондо кыймылдай баштадыңар. Азыр балдарды коргоо боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатат?" - деп сурады Халмурзаев.

Вице-мэр Айгүл Рыскулова балдарды коргоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын айтты.

"Өспүрүмдөр арасында укук бузуунун алдын алуу боюнча ар бир райондо социалдык кызматкерлер иштеп жатат. Балдарды коргоо боюнча иш күнү-түнү жүрүүдө. Социалдык кызматкерлерге колдоо көрсөтүү зарыл. Алардын түндө болгон окуяга барганга унаалары жок. Унаа менен камсыз кылуу керек", - деп жооп берди Рыскулова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: