super.kg logo

Элчи Кылычбек Султан: "Тышкы иштер министрлиги бузукулардан тазаланышы керек"

 

"Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде ким дезинформация кылып жатат?" деп суроо салат элчи Кылычбек Султан. Эске салсак, буга чейин Кыргыз мамлекетинин Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси ТИМдин мыйзамсыз буйругуна нааразы болуп жатканын билдирген.

Кылычбек Султандын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкканына караганда, анын нааразычылык билдирип жазганы Кореянын Инчон аэропортунда эки офицерди тосуп алуу боюнча ТИМдин мыйзамсыз тапшырмасына тиешелүү болгон.

"Тышкы иштер министрлигинин "дезинформаторлору" сөз Кышкы Олимпиада оюндарына кеткен спортчулар тууралуу болуп жатат деп айтышкан. Бирок аларды жеке өзүм жана диаспоранын активисттери менен чогуу сый көрсөтүп тосуп алганбыз. ТИМ өз кезегинде элчиликке спортчулардын багыты тууралуу эч кандай тапшырма да, маалымат да берген эмес. Мен өзүм спортчулардын байланыштарын таап, качан келерин билип, Кореяда биздин Баатырларды тосуп алууну демилгеледим. Бул демилгени Кореядагы биздин диаспоранын активисттери жыргап-куунап колдошуп, кайтарымсыз эле жардам беришти. Тышкы иштер министрлиги бул иш-чарада кыймылдап да койгон жок.

Ушундан улам менин Малайзиядагы элчилик кызматынан кеткеним эске түштү. Ошондо да ушул эле "дезинформатор" элчиликтин жабылып жаткандыгы жана менин отставкам ошого байланыштуу экендиги тууралуу маалымат тараткан. Элчилик иштеп жатат... Арадан 2 жыл өттү!

Урматтуу, Сапар Жумакадырович, урматтуу Эрлан Бекешович, сиздер бул "дезинформаторлорго" карата, ошондой эле ТИМде мыйзамсыз тапшырма бергендерге чара көрөсүздөр деп ниет кылам",
- деп жазган элчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(12)
09.02.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
К. Султан таза иштеген адам аны дагы коро албай жатышат кузгундар
09.02.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
gute, Дипломатияга атайын окуусун буткон, тилдерди билген, эки элде келишбестик болсо суйлошо алган тажрыйбалуу адамдар отуруш керек болчу. ТИМде 20 жылдан бери иштеген тажрыйбалуу адамдар элчи болоалбай жатышат.
09.02.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кылычбек мырза өзү таза адам. Бизнесмен жакшы адам. Бирок мындай адамдар өтө эле азда. Чоң кызматтагылардын 95%ти жегичтерда
09.02.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматсыз Кылычбек мырза. Офицерлерди деле тосуп ал дейберсе тообо..
09.02.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Азаматсыз Кылычбек мырза!Адам арты таза болсо ушинтип коркпой эле сүйлөйт.Биздин көпчүлүк чиновниктердин арты "булганган"ошондуктан,койдон жоош бп жүрө беришет,коркушат былыгым билинип калат деп.Сиздей эл үчүн пайда келтирүүнү көздөгөн инсандар көбөйө берсе экен!!!
09.02.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азаматсыз Кылычбек мырза!Сизди таза иштеген инсан деп билебиз.
09.02.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргыз дипломатияcында эркек адам калбады деп жypoт элем бар экен. Тайманбай cyйлоптyp. Азамат. Мен Кылычбекти тышкы иштер миниcтири кылып дайындаш керекко деп ойлоп калдым. Дипломатияда экинчи жолy жигиттик кылып жатат Малайзиядагы элчиликтен да оз арызы менен кеткен.
09.02.2018. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сооронбай ака тышкы иштер министирлигин да бир койуш керек экен
09.02.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таза иштегендерди жок кылышат!Аша айткан Малайзиядагы элчилик жабылып жатат ошон учун К.Султанов бошоду деп.Бирок баары билишет.К.Султанов Конституцииянын озгортонуно каршы отставкага кетем дегенин!
09.02.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ТИМинистири боло турган киши.Пример Министр же Президенттикке да татыктуу!
09.02.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кишинида көрө албай жатышат экенда биз мындай көрө албас болсок онолбойбуз.
12.02.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч бир элчи Кылычбек мырзадай иштей элек,Россиянын элчисинен кудай сактасын тообо тообо,жонокой жарандарды адам катары корбойт.
mumu00 түзөттү 2018-02-12 09:47:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: