super.kg logo

Бишкекке жакын айылдардан эл жана жүк ташыган электр поезддердин каттамын түзүү зарылчылыгы айтылды

 

Бишкек шаарынын четинен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу электр поезддердин каттамын киргизүү зарыл. Мындай сунуш менен бүгүн, 9-февралда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 2017-жылдын жыйынтыктарын чыгаруу коллегиясында билдирди.

Министр бул сунушту "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигине карап көрүп жана иштеп чыгууну тапшырды.

"Жолдордун абалын жакшыртуу жана Бишкек шаарынын тегерегинен келип жаткан жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташуу үчүн бул сунушту карап көрүп, аз убакыттын ичинде иштеп чыгуу керек", - деп айтты министр.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси Алмазбек Ногойбаев бул сунушту ишке ашыруу үчүн көп каражат талап кылынарын билдирип, электр поезддерин жүргүзүү үчүн темир жолдорду электрлештирүү керек экендигин айтты.

"Кандай болгон күндө дагы сиздер бул маселени карап көрүшүңүздөр керек. Анткени Кара-Балта, Беловодск, Сокулуктан күнүнө көптөгөн адамдар Бишкекке келет", - деди Калилов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.02.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошентиш керек, электричкалар каттаса жакшы болот.
09.02.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туптуура колдойм
09.02.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура бирок аны ишке ашырууга коп сумма керектелет, азырынча кое туруу керек, аны курабыз деп дагы башка жактан устогу мн карызга алып мамлекеттин карызын кобойтобуз, элдин каттоосуна транспорт жетиштуу жана ал тараптарга маам маалы мн поезд каттайт, курулуш болгон жерде коп суммадагы каражат ойнойт а бул калилов болсо эптеп эле бирдекени баштатып ийип ал жерден жеп ийгенди коздоп турат экен, мунун максаты ошол эле.
09.02.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштебеген ТЭЦ ке кеткен 384 млн сомго ушундай иштер жон эле бутот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: