super.kg logo

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-февралда башталып 6-апрелде аяктайт

 

2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-февралда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан Чынара Батракеева SUPER.KG'ге билдирди.

Маалыматка ылайык, тестирлөөгө каттоо 6-апрелге чейин жүргүзүлөт.

"Өлкө аймагындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөр жана ЖТРга катышууну каалагандар сөзсүз түрдө алгач каттоодон өтүүсү абзел. Ал үчүн бүтүрүүчүлөр окуп жаткан мектебине, ал эми каалоочулар өздүгүн тастыктоочу документи менен жашаган аймагындагы билим берүү бөлүмүнө кайрылуусу керек. Быйылкы жылы жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүдө коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бөлүп жатабыз. Ал эми тестирлөөгө каттоо, тестирлөөнү өткөрүү жана текшерүү иш-чараларынын эрежелери мурдагы жылдардай эле сакталат", - дейт Батракеева.

Айта кетсек, ЖРТга катышууга каттоо акысы 320 сомду түзөт. Жалпы республикалык тестирлөө 14-майда өткөрүлөрү болжолдонуп, азырынча так күнү белгилене элек. ЖРТны тапшыргандар үчүн категориялар боюнча 5 түстөгү сертификаттар берилет:

"Алтын сертификат" - өлкө боюнча эң жогорку балл алган 50 окуучуга берилет. Бул сертификат менен алар өлкөнүн каалаган окуу жайына, каалаган адистикке тапшыра алышат.

Сыя көк түстөгү сертификатты бийик тоолуу аймактардын абитуриенттери алышат.

Сары түстөгү сертификат айыл мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө берилет.

Ачык көк түстөгү сертификатты облустардагы шаарларда окуган бүтүрүүчүлөр алат.

Кызыл түстөгү сертификат Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрүнө берилет.

Өткөн жылы өлкө аймагынан ЖРТга 49 миңден ашык бүтүрүүчү катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.02.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түскө бекер бөлүпсүңөр мага жакпады
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: