super.kg logo

Ооган согушунун ардагерлери Ардагерлер кеңешинин төрагасын шайлоого катыша албастыгына нааразы болушту

 

Бүгүн, 9-февралда Ооган согушунун ардагерлер кеңешин жетектеп жаткандарга карата нааразы тараптын маалымат жыйыны өттү.

"10-февралда Ардагерлер кеңешинин төрагасын шайлоо кеңешмесине Ооган согушуна катышып келгендер эмес, табакташ болуп жүргөн, жасалма жол менен "ардагер" наамын алып алгандар катышып жатат", - дешти Туратбек Адылов, Орозбай Колубаев баштаган бир нече ардагерлер.

"Өлкөдө жасалма документ менен кармалган 169 "ооганчы" бар, алар өкмөттөн ай сайын бөлүнгөн 6 миң сомду жеп жатышат. Мисалы, Ооган согушу башталган учурда 3 жашка эми чыккан бала "Ооган согушунун ардагери" болуп алган, ушул кантип болсун?!" - дейт Ооган ардагерлеринин бири Болотбек Мамбеталиев .

Маалыматка караганда, 10-февраль күнү Республикалык Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча кеңешме жыйыны өтөт.

Эске салсак, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин мурдагы төрагасы Тыныбек Кадыров өткөн жылдын август айында жол кырсыгынан улам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.02.2018. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таанышын чиновник, сейфте акчан болсо Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болсон болот Кыргызстанда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: