super.kg logo

Дарыгерлер алар үчүн бир дагы үй курулбаганына нааразы

 

Өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери дарыгерлер үчүн бир дагы үй курулган эмес. Мындай нааразычылыгын бүгүн, 9-февралда өткөн Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиясында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.

Медицина кызматкерлеринин айлыгы аз жана алар үчүн эч кандай жеңилдиктер көрүлбөгөнүн билдирген жетекчи: "Биз үчүн үйлөр салынып жатабы? Биз кызматкерлерибиздин турак жай маселесин өз алдынча чечкенге аракет кылып жатабыз. Бул маселеден улам чет жерге чыгып кеткен дарыгерлердин да саны аз эмес", - деди Узакбаев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, 2017-жылы 1 миң 574 дарыгер жана 4 миң 227 орто медициналык билими бар кызматкер жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган. Алардын ичинен 66 дарыгер жана 114 орто билимдүү медицина кызматкери чет өлкөгө кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
09.02.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атамбаев улам эле уйлорду куч органдарына ГКНБда МВД да иштегендерге берип атканы тушунуктууда. Ансызда жалан акчасы коптор отурган ГКНБга уй берип жалпандап кийинкисин ойлоп аларды колго алганы тушунуктуу. Ушундай эле элге куйсо дарыгерлерге, баардык эле уй алалбай жургондорго бербейт беле.
09.02.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jbolotov,алар артын чукубайт да ошого берген.
09.02.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дарыгерлердин кобун уйун алып салыш керек бермек турсун
10.02.2018. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyw95jan, Уй берсе Дарыгерлерге стимул болуп жакшы иштейт чыгаар!
10.02.2018. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дарыгерлер алган параңар мн төрт үй аласыңар ошону да аш кылып алгыла,үй куруш кк болсо ошол орто мед.билими барларга куруп берсин.Врачтар мал базарда жүргөндөй баалашасыңар го азыр кимде көп акча врачтарда көп тиги дүйнөдө берген акчабызды алабыз эч ким ыраазы болуп деле бербейт силерге.
11.02.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa, ар ким кылган эмгегине жараша акысын алат. Андай нааразы болгондор табып бакшыларга барсын. Же силерди бироо ооруканага чакырдыбы? Же врачтар силерди оорутту беле. Же куурулган ышталган майлуу камыр койдун эти мн шорпосун оозунарга тыктыбы? Же тазалыкты сактабагыла же спорт мн машыкпагыла дедиби? Бекер сыр капканда гана болот. Демек бекер медициналык жардам коргусу келгендер ойлонуп коргуло. Ар нерсенин озунун баасы болот. Мамлекетке иштеп атам деп кокурок какпай эле койгула.
11.02.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттин жузу ошол соц.фонд ошол врач ошол мугалим ошол милиция. Мамлекет бардык гос.иште иштегендерди пара алганга туртку кылып атат. Ошол учун бардак бардык жерде.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: