super.kg logo
  Саясат  

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгонуна бүгүн, 10-июнда 5 жыл толду

 
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун каза болгонуна бүгүн, 10-июнда 5 жыл болду. Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 16-майда Татарстандын Казань шаарында өзүнүн “Кылым карытар бир күн” чыгармасы боюнча тартылып жаткан тасмага катышуу учурунда бөйрөк оорусу кармап, ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй Германиядагы Нюрнберг клиникасына которулган. 2008-жылдын 10-июнунда бүткүл дүйнөгө таанымал жана бардык элдер ардактаган Эл жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Германиядагы аталган ооруканада дүйнө менен кош айтышкан. Көөнөрбөс чыгармаларды жараткан улуу жазуучубуздун көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка чыкмак. Белгилей кетсек, Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. Анын китептери дүйнө элинин 170тен ашык тилине которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылып чыккан.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: