super.kg logo

Бакай Банк акчаңарды инфляциядан коргойт

 

Бакай Банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы чыгарган алтын куймалар менен операцияларды жасоо жолу менен акча каражатыңарды инфляциядан коргоону сунуштайт.

Дүйнөдө алтындын запастары аз болгондугуна байланыштуу жана аны өндүрүү кымбатка түшкөнү үчүн алтын кылымдар бою баалуулугун жоготпой келет. Жаңы валюталар пайда болуп кайра жоголот, ал эми алтын туруктуу төлөө каражаты болуп саналат. Экономикалык кризис учурунда дүйнөлүк рынокто алтын өтүмдүү жана суроо-талапка ээ. Мындан тышкары көптөгөн мамлекеттердин өкмөттөрү өлкөнүн алтын запастарын резервдик валюта катары толтурууга умтулушат.

Чоң суммадагы акчалардын ээлери үчүн алтын инфляциядан коргоодо ишенимдүү каражат болот, ошондой эле алтын куймалары көп орун ээлебейт жана аларды ташууга ыңгайлуу. Улуттук банктын алтын куймаларын сатып алууда жана сатууда кошумча нарк салыгы төлөнбөйт жана ошол эле алтын куймасын кайра банкка сатууга ар дайым мүмкүн. Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы өссө, куймалардын ээлери таза киреше табышат.

Бакай Банк Улуттук банктын алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу операцияларын сом валютасында жүргүзөт. Банк бааны өз алдынча күн сайын коёт. Төлөмдү нак жана нак эмес түрүндө жасаса болот.

Сделканы даярдоо үчүн керектүү документтердин тизмеси:

  • физикалык жактар үчүн – паспорт,
  • юридикалык жактар үчүн – эсепти ачуу үчүн документтердин тизмесине ылайык,
  • Банк менен сатып алуучунун ортосундагы сатып алуу-сатуу келиши.

Кененирээк маалымат алыш үчүн консультанттар менен контакт-борборунун 6111 жана 0(312) 61-00-61 телефон номурлары аркылуу байланышыңыз же банктын кеңселеринен маалыматты алыңыз.

***

“БАКАЙ БАНК” 19 жылдан ашуун Кыргызстандын жарандарына кенен каржылык кызматтарды көрсөтүп келет. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында банктын 70тен ашуун филиалдары жана аманат кассалары тез жана ыңгайлуу тейлөө көрсөтөт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: