super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Сапар Исаков милиция кызматкерлерин кесиптик маданияттуулугун арттырууга чакырды

 

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 9-февралда Ички иштер министрлигинин коллегиялык кеңешмесине катышты. ИИМдин жетекчилеринин катышуусундагы кеңешмеде министрликтин 2017-жылкы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы укук коргоо органдарын реформалоо ишин улантып жатканын белгилеп, анын алкагында коомдук коопсуздукту, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер жакшыртылып жатканына токтолду.

"Тилекке каршы, коррупциялык элементтер ички иштер органдарында да орун алууда. Аталган фактыларга жол берилбеши керек, анткени милиционерлер мамлекеттик бийликтин күзгүсү катары, жарандар менен иш алып барууда алардын ишинин натыйжасы боюнча бийлик тууралуу жалпы пикир жаралат", - деп белгиледи Исаков.

Мындан тышкары ал милиция кызматкерлеринин кызматтык тартибин күчтөндүрүүгө, квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле жарандар менен пикир алышуусундагы кесиптик маданиятын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурду.

"Мен кызматтык тартипке өзгөчө басым жасоону өтүнөм. Айрым жагымсыз көрүнүштөр ички иштер органдарынын жалпы тутумунун беделин түшүрүүдө. Калктын бийликке карата ишениминин төмөндүгү көбүнесе жер-жерлерде милиция кызматкерлери тарабынан өз кызматтык милдеттерине көңүл кош мамиле кылып, катардагы жарандар менен иш алып барууда кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдалангандыгына байланыштуу келип чыгууда. ИИМ жетекчилиги кызматтык тартипти чыңдоо, ошондой эле кадрларды тандоодо алардын иш тажрыйбасын жана кесиптик даярдыгын эске алуу менен иш алып баруу боюнча тийиштүү жыйынтыктарды чыгарууга тийиш", – деди Исаков.

Өкмөт башчы "Акылдуу шаар" долбоорунун ишке ашырылышы менен жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин функционалдык милдети кайрадан каралып чыгарын айтты. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасын ишке ашыруу алкагында Башкы прокуратура ИИМ менен биргеликте кылмыштарды электрондук эсепке алуу боюнча тутумду иштеп чыгууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: