super.kg logo
  Саясат  

Тергөөчү депутат Садыр Жапаровго карата эмне себептен кылмыш ишин козгогонун эстей албай койду

 

Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык сотунда айыпталып жаткан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен Талант Мамытов боюнча кезектеги сот иши уланып жатат. Анда башкы прокуратуранын тергөөчүсү Жылдызбек Исмаиловго жактоочулар “Садыр Жапаровго эмненин негизинде кылмыш ишин козгодуңуз эле?” деп суроо беришсе, тергөөчү эсинде жок экенин айтты. “Мен бир учурда 10дон ашык ишти карайм. Азыр эсимде жок, Жапаровго эмне себептен кылмыш ишин козгогонум. Бирок керектүү материалдар сот ишине тиркелген”,- деди Исмаилов. Мындан кийин күбө жактоочуларга “менин сөздөрүмө комментарий бербегиле. Мага сотко төрагалык кылуучу гана комментарий бере алат” деди эле, Ташиевдин жактоочусу Азимбек Бекназаров: “Урматтуу сот, күбө сиздин атыңыздан жооп бере баштады. Мындай болбойт”,- деди. Уруксат албай сүйлөп жибергендиги үчүн сот ишине төрагалык кылуучу Бекназаровго протоколдук эскертүү берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: