super.kg logo

Марат Калиев: "Тез жардам" кызматына эмес, санавиацияга акы төлөнүүсү мүмкүн"

 

"Тез жардам" кызматына эмес, санавиацияга акы төлөнүүсү мүмкүн. Бул тууралуу 9-февралда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Марат Калиев билдирди.

Анын айтымында, алыскы аймактардан борборлорго бейтаптарды алып келгенде кээ бир кызматкерлер акча каражат талап кылышат, анткени аларга бөлүнгөн күйүүчү май жетпейт.

"Бейтаптарды бир жерден бир жерге жеткирүү үчүн 300 сомдон 1000 сомго чейин акча каражаттары алынат экен. Бул акча каражаты келип кайра кеткенге алынат. Мындан улам бейтаптарга эки эсе күч келет. Буга байланыштуу бул көрүнүштү анализдеп атайын жумушчу топ түзүш керек", - деди Калиев.

Ошондой эле жетекчи эгерде жогоруда айтылгандай каражат жетишсиз болсо, анда кызматкерлер тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу болбошу үчүн акчаны белгилүү бир өлчөмдө жана мыйзамдуу түрдө алгандай систем түзүү зарыл экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары, Калиев санавиация өтө керектүү кызмат экенин жана көптөгөн оор абалдагы бейтаптар райондук ооруканалардан облустук жана республикалык ооруканаларга санавиация менен жеткирилерин белгиледи.

Айта кетсек, буга чейин мындан ары "Тез жардам" кызматына акы төлөнүшү мүмкүн экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
10.02.2018. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эмне биз кайрадан акаев заманга кетип жатабызбы
койгула андай кылбагыла
10.02.2018. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыскасы кечээги созун ондоп атыптыр. Силерге ишибиз тушпосун. Аллахка аманатпыз жалпыбыз.
Biinura түзөттү 2018-02-10 11:34:17
10.02.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Biinura,Туура каякты карасанда Калиев ТЭЦ да Тез жардамда да Калиев эмне Кыргызстанда Калиевтерден башка адам жокбу же мамлекетибиздин тагдырын Калиевтер чечип калганбы?Кимдин кимдин заманы Калиевтердин заманы болуп калганго каалаганын кылып.
10.02.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Коомчулуктун реакциясын байкап ( бир жери тушуп)созун ондоп аткан турбайбы бул мырза)).сеновацияга и так эле толонот баштан откон.эмнеге биздин бийлик элди каратып туруп алдагандан талап тоноп жеп ичкенден уялбайт же элди келесоо ойойбу же озулору келесообу.
10.02.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы бир жолун тааптыр да акча алуунун элден.
10.02.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Санавиация деген бизде жок элего, бар болсода ото кымбат, вертолет менен элди жеген коррупционерлер гана колдончу и так ото кымбат. Эми элди алдап башты оорутат экенда Калиев.
10.02.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул бийликке жалан ууру-каракчылар топтолуп алышты... Максаттары элди тоноп каракташ керек, казынадан уурдаш керек...

К черту мындай бийликти, мындай бийликти союл менен кок желкеге чаап, кочукко тээп кууп чыгыш керек тээ Ак уйдун 7-кабатынан баштап...
10.02.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыл жерлерде азыр деле бензинге акча бересиң , болбосо тез жардамың келбейт. Өзүң кеңсесине барып укол алсаң деле даарыга + дарыгердин акысына минимум 200 бересиң. Апам быйыл күн ыссык болуп эки күндө бир скорийге каттап ошентип эле жүрдү. Кош бойлууларга оозу мурду кыйшайбай 10 литр бензин алдырып койгула скорийге дешет ал жерге 1 литр бензин кетпейт озү.
10.02.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тэз жардам региондордо мурда эле "платный" эмес беле. Качан бекер эле.Ушул чондор айылга келип кызыкчылык учун тэз жардам чакырып корушпойбу, толтура акчаны айтышсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: