Алла Пугачёванын боёксуз сүрөтү интернетте кызуу талкуу жаратууда
Алла Пугачёванын боёксуз сүрөтү интернетте кызуу талкуу жаратууда. Белгилүү орусиялык ырчы Алла Пугачёва өзүнүн боёксуз сүрөтүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.
Алла Пугачёваны күйөрмандары сахнадан дайыма жаш, сулуу бойдон көрүп келишет. "Алла карыбас болду" дегендер үчүн примадонна өзүнүн боёксуз жүзүн көрсөтүүнү чечкендигин жазган ал.
"Көпчүлүк менин боёксуз жүзүмдү көргүсү келет. Силердин каалооңорду аткарайын. Бирок жакында, 19-апрелде 69 жашка толорумду унутпагыла", - деген билдирүү менен жарыяланган сүрөтү интернет колдонуучулардын арасында ар кандай пикирди жаратууда.
Анын жүзү боёксуз деле жагымдуу, мээримдүү экенин жазгандар көп болгону менен арасында "Сиз да бир нече пластикалык операциялар жасалганын унутпаңыз" деген пикирлерин калтыргандар да бар.

жашына ылайык эле корунот экен.
алган жакшы,жаратылыш озунун мыйзамдуулугун боексуз кабыл алат,
Алла деле биз сыяктуу Адам,жашынын отконун боексуз корсотуп туура кылган!
Мунун жашында биз кандай болобуз
бир кудай билет, вдруг мындан хуже
болобуз.