super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков ишмердүүлүгүн өркүндөтүү үчүн президенттик аппараттын жарлыгына кол койду. Кандай өзгөрүүлөр орун алды?

 

Бүгүн, 9-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен президенттик аппаратта бир катар бөлүм башчылары кайра дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчысы кол койгон жарлыкка ылайык, Айзада Субакожоева президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Ал эми Манасбек Арабаев президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Анарбек Исмаилов президенттик аппараттын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы – президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.

Саякбай Субанов президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Чолпон Абдрахманова президенттик аппараттын канцеляриясынын башчысы болуп дайындалды.

Президенттик аппараттагы аталышы жана структурасы өзгөргөн бөлүмдөр:

Өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Нурсулу Ахметова президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Мира Карыбаева президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Турдуназир Бекбоев президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Толгонай Стамалиева президенттин басма-сөз катчысы - президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: